Күз – Т. Айтикеев

Он эки айдын үч айы
-Күркүрөгөн күз айы.
Бөлүштүргөн табият,
Төрт мезгилге атайы.

Коңур тартып туш-тарап,
Коон, алма жыттанат.
Аңыз кечип мүнүшкөр,
Бөдөнөгө куш салат.

Дасторкондо нан жайнап,
Эч бөксөрбөй май, каймак.
Айлыбызда майрам, той,
Самоор-самоор чай кайнап.

Жемиш-мөмө бүт бышып,
Жыйым-терим күч кызып
Эгин батпай кампага,
Күз – береке, күз – кызык.

Малга толуп ар аймак,
Кыштоолорун даярдап,
Кубанышат малчылар
Семиз-семиз мал айдап.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

9 − 5 =