ГИТАР КҮҮСҮ

Түн суук, кыш ышкырат үйлөрдү ачып,
Ой-кырга дубана албас күмүш чачып,
Ыйлатат, урат, ойнойт, ыза кылат,
Жыргалдуу жазды алыска ала качып.
Жарыктан, караңгылык сагаты узун,
Көз талып окуй албайм, жазмак турсун.
Көңүлсүз жалгыздыктын төшөгүндө
Зеригем кармай албай уйку кушун.
Бул минут, коңур үндүн таза үндүүсү,
Көп элде кыз тоюнун сүйкүмдүүсү,
Мен ашык татар келин бөлмөсүнөн
Угулат кулагыма гитар күүсү.
Колу ойноп анын назик кылдарына,
Ырлары эми жаңы кызыганда,
Токтотот, напсиң күйгөн жигит эрки
Аз күлүп, чоп-чоп этип өпкөн гана.
Мейли өпсө, айла барбы ашыктарга,
Кой дебейм, ошент дебейм мен аларга.
Келиндин алдашына табам канат,
Басылдың, бирок бекер, ах, гитара.
Түн суук, кыш ышкырат үйлөрдү ачып,
Ой кырга дубана албас күмүш чачып,
Ыйлатат, урат, ойнойт, ыза кылат,
Жыргалдуу жазды алыска ала качып.
16/I 1945
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

три × 2 =