ГҮЛ МЕНЕН КУШ

А…га
Же, жыпар жыт гүлдөндүр
Үзөм деп бирөө жүргөндүр.
Консо кандай жарашат,
Сулуу куш көзү түшкөндүр?
Гүлдүн жашыл шагы экен
Өскөнү салкын, багы экен,
Ушул кушка ылайык:
Гүлдүн да толгон чагы экен…
Түшөсүң гүлүм кимдерге?
Өспөссүң дайым бул жерде…
Үзүлгүн гүлүм солутпай
Салкында кармай билгенге!
Сулуу куш, учсун көрүнсүн,
Учсун да, ушул гүлдү үссүн
Солуба, гүлүм, солуба
Азыркы жаштар көөнү үчүн.
Гүлүм сени жыттайын,
Сен күзгүдөй нуру айдын .
Кысып сени боорума
Зыпылдап алыс учайын.
Сулуу куш – жигит, гүл – бир кыз
Гүл десем жүрөк этет тыз,
Кушту мынча талпынтып.
Мынчалык жапа кылдыңыз!
Жаштыкта не бир сонун бар,
Болсунчу бирге колуңар,
Заман бизге эрк берет,
Бирге болсун жолуңар.
Эмесе бачым күн жетсин,
Гүлүм гүлүн түрдөнтсүн!
Гүл үзүп күнгө зыпылдап
Куш канаты жарк этсин.
Ырым көп бирге ырдасак,
Заманды бирге жылдасак,
Кушуңдун көркүн келтирип,
Гүлүңдүн көркүн чыгарсак.
Жолуктумбу мезгилсиз,
Кандай күнөө сездиңиз?
Сүйүүбүз соккон жүрөктө
Болсунчу бирге энчибиз!
Же жыпар жыт гүлдөндүр
Сулуу куш көзү түшкөндүр.
Жашчылык гүлгө сугалак
Жыттайм деп бирөө жүргөндүр.
Биздин кызык күндөр бар,
Биз кызыккан гүлдөр бар.
Сүйүү менен – эрдикке,
Даярбыз, кыз-уландар!
Түшөсүң гүлүм кимдерге
Өспөссүң; дайым бул жерде.
Үзүлгүн гүлүм солутпай,
Салкында кармай билгенге.
1936

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3 × 3 =