Эриккендин ыр эрмеги, ал ырас, Ыр кубаты: чыккан күлкү, чыккан жаш. Ыр күүлөрү канчалык көп ботсо да, Мен ырдоочу эсте калган күүлөр аз. Жакшы күнүн жакшы ыр менен белгилеп Кантсин көңүл, эстейт аны эригет… Бир сүйлөмү бир гана ырдын бир күүсү – Бир доорду түгөл эске келтирет. 19/VII 1949 Чолпон-Ата