ЭКИ ДОС

Класс жетекчи эжей сабактан кийин өз классында чогулуш өттү. Чогулушта кайрадан “эки достун” маселеси каралды. Ар дайым бир жүрүп, бир ойногондуктан Саяк менен Үсөн кийинчерээк ушундай атка конуп кеткен эле…
— Балдар,— деди эжей нааразы боло.— Саяк тамеки тартып жүрөт дейт, ушу чынбы?
— Чын! — Жаңыл эжейинин сөзүн ырастай кетти.
— Ики! — деди Саяк моюн бербей.
— Ишенбесеңер чөнтөгүн карагыла! — деди Үсөн. Эжей Саякты доскага чыгарып, чөнтөгүн тинтти эле, түбүнөн махорканын күкүмдөрү чыкты.
— Бул эмне? — Эжей Саякты ушу суроо менен туюкка камады.
Саяк дулдуюп унчукпады.
— Демек тартат экенсиң да,— деди эжейи бышыктап. Саяк мыңк этти.
— Эмне-е? — Эжей ага жакындап кулагын тосту. Саяк дагы күңкүлдөдү.
— Ой, катуураак айтчы, угулбай атат.
— Тартпай калгам,— деди Саяк кекечтенип.— Таштап койгом…
— Качан?
— Жарым ай мурда…
— Уу, саргарган гана…— Эжей чын эле ачуулана кетти. Андан кооптонгон Саяк:
— Үсөн тартат,— деди шашкалактап.— Дайыма кечинде тартат…
— Дагы эмне де-ейт?! — Эжей чок тийгендей чочуду.— Үсөн, кел доскага!
Үсөн коркконунан өңү өчүп, эжейинин алдында кирерге жер таппай бүжүродү.
— Калп! Калп айтат, Саяк! — Оозуна мындан башка сез кирбеди.
Ага Жаңыл айгак чыкты:
— Эжей, мен да көргөм! Өгүнү кечинде сууга баратсам, үйүнүн түбүндө тамеки тартып, эки колун тонунун чөнтөгүнө салып, каадаланып, ары-бери басып туруптур. “Эжейге айтам” десем, “өлөсүн” дейт…
— А-а, ошондойбу?! — Эжей эми Үсөндү беттеди.
— Ал тамеки эмес болучу,— деди Үсөн алаңдап.
— Анан эмне эле?!
— Жылкынын тезеги…
— Аны кайдан таап жүрөсүц?!
— Атантайдын короосунан.
— Калп!—деди Саяк чарт жарылып.— Атантайдын аты жок, эшеги бар.
— Ушу чынбы, балдар?
— Чын! Атантайдын аты жок…— Балдар чурулдай баштады.
— Демек, сен кадимки тамеки эмес, эшектин тезегин укалап тартат экенсиң да?!
Үсөн “ооба” дегендей шөлбүрөдү.
— А эмне үчүн антесиң? — Эжей тергөөгө алды.
— Саякка мактанайын деп…
— Саякка мактанганда, ошентип мактанасынбы? Эшектин тезегин тартып мактанасынбы?! О, урган…
Үсөн актангысы келди: — Ал тамеки эмес да.
— Эй, дөдөй! Сен тезек тартып атасың! Болгондо да эшектин тезегин! А тезек тамекиден да…
Үсөн сөз жүйөөсүн эми гана.түшүнүп, башы шылкыйып, партасына отура кетти.
— Кана, дагы ким тезек тартып жүрөт?! — Эжей сурданып, жалпы класска суроо койду.
Балдар бири-бирин карап унчугушпады.
— Экинчи ушундай тамеки тарта турган болсоңор, бу мектептен окуйм деп ойлобогула…— Эжей маселени кабыргасынан койду.— Баарыбыз оюндун артынан түшүп, сабактардан төмөндөп кеттик го?! Кана, кечээ Калтайдын үйүнүн артында кимдер ордо ойноду?!
Эч кимиси унчукпады.
— Кана, Саяк, кел биякка? Көрсөң, эч нерсе көрбөгөн, билбеген момун боло калганын…
Саяк чочуп кетип, ошол эле замат: “тиги да… тиги да ойногон…” деп, сөөмөйү менен үч-төрт баланы көрсөтө берди.
— Айткылачы, бул оюнду ким баштап жүрөт? — Эжей сурак жүргүзө баштады.
Класс жымжырт.
Эжейдин үнү эми каардуу чыкты.
Досканын жанында тизилип турган балдардын берки четинде турган Үсөндүн көздөрү алаңдап, шашкалактап Саякты көрсөтө берди.
— Бобу!
— Калп! Мен чүкөсүн гана бергемин! Ордо ойнойбуз деп, адеп айткан өзү! — дейт Саяк.
— Жо-о, мектептен келатканда сен айткансын, а мен макул гана болгонмун! — дейт Үсөн.
— А сен эртең менен мектепке баратканда айткансын! Ордо ойнобойлубу дегенсиң… Абалагым бар дегенсиң…
— А сен аткананын артына ойнойлу дегенсиң…
— А сен Калтайдын үйүнүн артына ойнойбуз дегенсиң…
— Түшүнүктүү! — Эжей бул чеги жок талаш-тартышты чорт токтотту.— Демек, ордо ойнойбуз деген экөөңөр экенсиңер да…
Тигилер кайрадан бири-бирине шылтай баштаганда, эжей аларды биротоло басып койду. Үнү өктом чыкты. Анан, Үсөндүн жанындагы чепейген балага кайрылды.
— А сен буларга кайдан кошулуп жүрөсүң?!
— Саяк азгырган.
— Калп! — Саяк туурадан чыкты. — Өзү. Оюнга албай койсок таарынат. Эжейге айтам дейт…
— Анан ойнодуңбу?!—деп сурады эжей чепейген баладан.
Ал ушул суроону угаары менен эле актана баштады.
— Эжей, мен чокон эле аткамын. Ордо ойногон булар…
— А чокон атуу, сенин оюңча, ордого жатпайт экен да, ия?!
— Булар үч оюндан атышкан, мен чокон гана…— деди тиги беркилерди көрсөтүп, өзү дагы эле актанып. Бирок, эжей анын да ордо ойногонун мойнуна коё кетти.
— Мен ордо ойноого каршы эмесмин,— деди эжей.— Албетте, сабакты окуп коюп, маалы менен…
Эжей андан кийин окуучулардын сабакка катышуусун, жетишүүсүн кыйлага териштирди да, тарбия саатын аяктаган соң окуучуларынын үйгө баргандан кийин эмне кыларын билгиси келип, “Мен сабактан тарагандан кийин эмне кыламын?” деген жат жазуу жазып келүүлөрүн өтүндү…
Үсөн бул тапшырманы класстан чыгаары менен эле унутту. Сомкесин жонуна илип алган ал берен үйгө жетээр замат чоң энеси менен: “Кесме кайда? Нан кайда?..” — деп кагыша кетти. Алдына келген тамакты артынан жоо кууп келаткансып шаша-буша ичти да, эки чөнтөгүнө аркы тарелкеде турган момпосуй-канттан солоп, үйдөн атып чыкты. Короо шыпырып жүргөн чон. энеси: “Үсөн, үйгө бир аз каралаш”— деди эле, Үсөн башын бир чулгуп: “Муну көр… Мени үйгө каралаш деп коёт… Тыякта муз эрип атса…”— деп, күнк-мыңк этип, артын карабай сызып жөнөдү…
Аны көчөнүн аягында Саяк досу күтүп туруптур. Алиги класстык чогулуштагы бири-бирине болгон нааразылыктан дайын жок…
Ошо бойдон алар кечке чейин муз тээп ойноп, үйгө күүгүмдө гана кайтышты. Кыштан жазга тартып, муздун чет жакалары нымшый баштагандыктан өтүктөрү чылгыйланып, чолок тондорунун этектери суу болгон. Бирок ага карай турган Үсөн барбы, чоң жумуш бүтүрүп салгансып, эдирендеп үйгө кирип келди да, куурулган картошке турган мештин үстүн бир карап, наалый баштады:
— Мен, эмне, дайым эле куурулган картөшкө жей беремби?! Эмне үчүн кеккожө жасабайсыңар?! Эмне үчүн жупка жасабайсыңар?! Эмне үчүн боорсок бышырбайсынар?! Эмне үчүн…
Ошентип коюп, койдун майына куурулган таттуу картөшкөнү үстөлгө чыгарып келип, аябай апылдатты. Чайга каймак татытып алган, анысын анда-санда ууртап коюп, чекеси булоолонуп, не бир жыргалга батып ичти, аягында чылгыйланган өтүгүн чечип ыргытып, төркү бөлмөдөгү салынуу төшөгүнө жетти да, кийимин чала-була шашып чечип, аябай чаалыккан неме дароо уктап кетти…
Эртеси аны чоң энеси ойготту.
— Тур, сабактан кечигесиң! Эми Үсекең:
— Мени эртерээк ойготуп койбойт…— деп чоң энесине нааразылана кетти да, адатынча карайлай баштады.— Өтүгүм кайда?.. Шымым кайда?.. Сомкем кайда?..
Сабак башталаарына аз эле калган экен, эми ал чай ичкенге да чолоосу тийбей, буркурап ачыган жарманы калдыр-кулдур чалып ийип, бадыботко төгө-чача куюп, куркулдатты да, сомкесин алып, оозун аарчыганга да чамасы келбей, мектепти көздей безди. Ал класска коңгуроого аралаш кирди…
Үсекең үйгө берилген жат жазууну эми гана эстеди…
Демейде, үйгө берилген тапшырмаларды жанында отурган Жанылдан көчүрүп ала турган, бу жолу да ошондой кылды. Үчүнчү сааттан кийин болчу чоң дем алышта, класста акырын калып калды да, Жаңылдын “Мен сабактан тарагандан кийин эмне кыламын?” деген жат жазуусун таап, эч ойлонбостон туруп алекисаатта көчүрүп ала койду да, эч нерсе билмексен болуп, сыртка чыгып, балдарга кошулуп ойной баштады.
Ошо күнү класс жетекчи жат жазууларды жыйып кетти. А эртесинде анын сабагы биринчи саатта эле… Конгуроо кагылып, журналды колтугуна кыскан эжей кирип келди. Балдар менен учурашкандан кийин, эң арткы партада көпчүлүккө далдааланып отурган Үсөндү бир карап, күлүңдөп койду.
— Балдар, силердин жат жазууңарды окуп чыктым. Өзгечө Саяктын сабактан тарагандан кийин ата-энесине берген жардамы мени ыраазы кылды,— деп эжей мыйыгынан жымыйды. Анан, Саяктын жат жазуусун алып, жарыя окуй баштады:
“Мен сабактан тараарым менен үйгө шашылам,— деп жазылган эле анда.— Түшкү тамагымды ичкенден кийин үйгө суу ташыйм, мал короого кык төгүп, кургактайм, отун жарам… кечинде мал тозом…”
Саяктын жазганына караганда ал үйүнөн карыш жылбайт, ата-энесине жардам берет…
Муну уккан Үсөн өзүнө окшоп эң четтеги арткы партада көпчүлүккө далдаланып отурган Саяк досун “сен кайдан ушундай элең?” дегендей ормоё бир карап койду, себеби, Саяк экөө үйгө жардам бермек турмак, оюндан колдору бошочу эмес. Үйүндөгүлөргө ошо ойногон оюндарын колко кылып, ошол ойноп келгендери үчүн алардан аз-аз жерден акы албай гана калышчу…
— Кана, балдар,— деди эжей жат жазууну окуп бүтконден кийин.— Саяктын жазгандарына ишенелиби?
— Жок! Калп! Жалган! — деген кыйкырыктар чыкты туш-туштан. — Ал окуудан тарагандан кийин үйүнө жолобойт…
— Буга эмне дейбиз, ия, Саяк? — Эжей аны уяткара карады.
Саяк деген Саяк го, жат жазуусун туш-туштан чыгып, жокко чыгарып аткан балдардын өзүлөрүнө “калп айтышат…” деп жалаа жаап көрөйүн деди эле, бирок, андан эч нерсе чыкпасын көрүп, шылкыйып калды…
Эжей башка балдардын жат жазуусун жарыя окуп, ар бирине баа берип келди да, эми Үсөндүн жат жазуусун колуна алды. Ошол учурда эжей күтүлбөгөн жерден күлүп да жиберди. Анын күлкүсүндө бир кеп бар экенин сезе койгон Үсөн эжейди карап, элейип калды.
— Эми Үсөндүн жат жазуусуна кулак салгыла!—деди эжей күлкүсүн зорго тыйып.— Анын жат жазуусун сезмө сөз окуп берейип.
“Мен сабактан келгенден кийин үйгө берилген тапшырмаларымды аткарамын,— деп жазыптыр. — Ошондон кийин апама каралашамын. Идиш-аяктарды жууп, иреттеймин. Үйгө суу ташыйм, андан кийин суу жылытып алып, ини-сиңдилеримдин кирин жууймун. Кечинде тамак жасаймын… А эртеси эрте туруп мешке от жагам, чай коём, кийим-кечелеримди жана бантигимди үтүктөйм, жакшынакай жуунуп-таранып, чачымды өрүп… мектепке жонойм…”
Балдар таңданып отуруп калышты. Буга балдар гана эмес, Үсөндүн өзү таңданды…
Ошол учурда Жаңыл жанындагы Үсөндү жалт карады да, бырс күлүп жиберди. Иштин жайын түшүнө койгон балдар дуу эте түштү. Эжей да күлдү. Бирде Саякты, бирде Үсөндү карап баш чайкады:
— Ай-ай, эки дос… Силерге даба жок турбайбы?!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

девятнадцать − 8 =