НУРДУУ БЕЙИШ

Унутулгус учур… Жашоонун эң сонун жылдары… Эмне үчүн түшкө окшоп желдей болуп тез өтүп кетти? Таттуу, күнөөсүз кубанычтуу, бат жазылып кете турган таарынычтары менен балалык бул миң түрдүү жамандыктар толгон дүйнөбүздөн канчалык айырмалуу эле?! Карыя адам ушуларды ойлонуп жатты. Жыйырма жылдан кийин 1-жолу көзүнүн жашылданганын сезди. Колун чекесине тийгизди. Көзүнөн жаш агып жатты. Эртеси күнү кызматчысын устага жиберди. Балдар бакчага оңой кирсин деп бир эшик, бактардын арасына да бир селкинчек жасатып койду. Раяна менен Алым күн сайын келе турган болду. Алымдын тактайдан кылычы, бутактан аты, Раянанын колтугунда куурчактары бар болчу. Бакчада каалагандай ойношуп, кээ бир жерлерди казышып, гүлдөрдүн үрөнүн сээп, сугарып жатышты. Кээде Раяна бакчанын көлөкөлүү жерлеринде куурчагын кыдыртып, чарчаганда куурчакты бешигине жаткызып койчу. Карыя, ар дайым жаңгактын алдына отуруп китептерин окуп жаткандай көрүнчү. Бирок кулагы балдарда болчу. Алардын куштардын үнүнө окшогон үңдөрүн угуучу. Кээде отургучунан туруп, алар менен ойночу. Оюнда туура эмес бир нерсе кылып алса, балдар кыткылыктай башташчу. Ошол мезгилде карыянын жүзү сүйкүмдүү боло түшөр эле. Күн өткөн сайын өзүн жаш жана жайдары сезе баштады. Балдар “сүйүктүү аба” дешкен адамдын алар менен оюн ойногонун, жомок жана окуяларды айтып бергенин аябай жактырышчу. Бир күнү эртең менен: Силерге ойногонго эки жолош алып келем деди. Чынында эле бир канча күндөн кийин үйгө эки бала келди. Ата-энеси өлүп, жер жүзүндө эч кимиси жок калган балдар экен. Сүйүктүү абанын үйүндө жакшы бир ата, жылуу бир түнөк табышты. Сүйүктүү карыя балдарга бир араба толтура эчки сатып келди. Бардыгы чогулуп кээ бир убакыттарда бакчаны кыдырып, түрдүү оюңдарды ойной турган болушту. Кар жааганда эчкилерди казыкка байлап коюшуп, күлүп ойноп жүрүштү. Аябай көңүлдүү болчу. Сүйүктүү аба өзүнчө ойлонуп, мындай дечү болду: Жылдар бою дүйнөдөн жана китептерден издеген бакытты, менин сүйүктүү балдарымдын күлкүсүнөн таптым. Алардын күлкүлөрү дүйнөдөгү бүтүн жамандыктарды унуттурду. Менин ичимди кубаныч жана бакытка бөлөдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

пятнадцать + 12 =