Чолпон-Ата көл жээгинде көрктүү жер, Алмасы көп ак кыштактар орногон, Менде болду далай ысык сүйүүлөр Мындай жерге, бирок ашык болбогом. Бир жай жүрсөм, жашым кайра жангандай Жашаргандай, жаштыгындай жүрөгүм, Тагдырымдан кайра сурап алгандай Ушунда өттү эң бир таттуу күндөрүм. 9/I 1947 Чолпон-Ата