ЧАЙХАНАДА

Шайы бешмант, топучан
Борсойгон боз балдары.
Борсулдашып күлүшөт,
Болсун кайдан арманы.
Өзүнөн чоң тордомо
Коон алып алыптыр,
Чайханага олтуруп,
Аны жарып салыптыр.
Өрүк, мейиз, жүзүмдөн
Дагы сатып алыптыр.
Мен барсам, «келиң-келиң» деп,
Дегеле шашып калыптыр.
Гүл патностун бетине
Дандырдан бышкан нан туурап,
Чыныга улам кант салып,
Кадырлап гана чай куят.
Чайханада кызыл бурч,
Жашоонун жаңы формосу
Жаңы турмуш жаңы ишке,
Жашоонун анык жолдошу.
Жаңы жаштар топтошуп,
Келип газет окушат.
Ошондуктан жаштардын,
Сезими курч болушат.
Ошол күнү кеч курун
Чайханага топтолдук.
Мен да алардын деминде
Мен эриксиз шоктонуп.
Жаштардын деми жаштыкта
Өзүнө тартат жаш жанды.
Сулуу кыз, сулуу келин бар
Аңгыча оюн башталды.
Тиги жактан бир топ жаш
Ырдап коё бергени,
Даңкылдатып дударын,
Чертип коё бергени.
Жаңы көрк, жаңы шаң кирип,
Жаңы көрк шаң басканда.
Кыран күлкү каткырык
Кошомат кылат жаш жанга.
Жүрөгүң эргип элирип,
Элирип кетет тим эле.
Эби менен эпилдеп
Кыздары бийлеп бергенде.
Кадырман түштүк, кең түштүк,
Кубаттуу күчтүү ал менен,
Түштүктүн өсөт жаштары
Жаштары өсөт шаң менен.
Тарыхта даңкка ээ болуп,
Жаңыча жашай баштады.
Ушундай жерге жашаган
Ырыстуу түштүк жаштары.
1934

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

пятнадцать − 3 =