Колхоздо баягыдай жигиттер аз,
Майышпай чөп чабышка уландар жаш.
Андыктан кыйын салмак жеңемдерде,
Эмесе, болгон күчтү эмнеге аяш?
Сүрдөбөй эптүү кармап чапкыларын,
Саздак жер, машиналар барбас жагын.
Сол кылып кызгалдактай каптап алып,
Жайкашат, жашыл ыраң жибек жалын.
Эң жеңил, эркектердей шилтеши элпек,
Бүгүнкүм жүз сотыйга толсо экен деп,
Деңиз көк, катарына жалп-жалп жатып,
Жыпардай аңкыган жыт бур-бур этет.
Бат эле сол башына кайкып чыгат,
Күн ысык, терин арчып, аз тыныгат.
Кайрадан шарк-шарк эткен кубаттуу үн,
Ах, чиркин чөп чабык кез кандай рахат?..
Жашоону терең таанып кеңири ойлоп,
Зор турмуш колхозчунун колунда ойноп.
Табият терезесин ачып коюп,
Жылмайып келиндерге көңлү тоёт.
Эрдик да, ак эмгек да, адилдик да,
Ырыстын далай кенчи колхозчуда.
Эгерде керек болсо – жаштар үчүн,
Калп айтпас, тунук сүйүү кол алдында.
Көктөй бер, көгөрө бер кең талаалар,
Кем эмес, сага жетер чамабыз бар.
Камыкпа, согуштагы азаматтар,
Колхоздо Гомер айткан алп аялдар.
10/XII 1944
Койсары
ЧӨП ЧАБЫК
Датасы: 29.12.2021