БРИГАДИРДИН КЫЯЛЫ

Закым салып, жай чилдеси саратан,
Боз бозоруп, сайлар кургап, жолдор чаң.
Уулу өлгөндөй убайымдуу, капалуу
Бригадир Бегимаалы таятам.
Ошол мезгил Сан-Таш жактан жел согуп,
Ала булут ар кай жактан торолуп,
Нөшөрлөнгөн жамгыр жаады тынымсыз
Майда арыкка майда-майда сел болуп.
Бригадир чаап тушту үйүнө,
Эт сал деди аялына сүйүнө,
Жамгыр байлык, жамгыр дөөлөт, казына
Мунум калппы айланайын дүнүйө.
Дейт да күлөт мага карап жылмаят,
Ал кайгырган эл энеси жерди аяп,
Адамзатка марттык эмей эмине,
Кандай күчтүү, кандай сулуу табият.
31/Х 1946
Чолпон-Ата

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

семь + десять =