Тентек желдин эркине, Булуттар көчө баштады. Таң нуруна бүлбүлдөп, Жылдыздар өчө баштады. Чыгышты бөлөп алтынга, Таң агарган кез эле. Таң нуруна боёлуп, Жылтылдайт биздин терезе. Ар биринде бир кетмен, Кээ бирөө чеккен араба. Колхозчу эмгек атасы, Түбөлүк бакты талаага. 1932