БИР КЫЗГА ҮЧ АШЫК

Мурун, мурун бир заманда кандын жалгыз кызы бар эле. Анын сулуулугу
перинин кыздарына тең эле. Бул кыз караңгы түндө кай жакка карап жатса,
калк «ошо жактан күн чыктыбы?…» деп калар эле. Бул кызга үч жигит тең
ашык болду. Кыз үчөөнү тең көрдү. Анан үчөө тең «мен аламын, мен аламын»
деп талаш кылды. Кыз айтты:
— Өнөрүңөр ашканыңарга тиемин — деди. Бул үч жигит чет
падышалыктарга жаан кезип жөнөдү. Булар бир канча жыл дүйнө кезип
жүргөндөн кийин, бири өлгөндү тиргизер илеген тапты. Бири дүйнөнүн ар
жагын тең көрсөтөр күзгү тапты. Бири көз ачып жумганча дүйнөнү айланып
чыгар төө тапты. Анан кийин баары бир жерде чогуу сүйлөшүп олтурушса,
күзгү тапкан күзгүсүнө карап:
— Кандын кызы өлүптүр — деди. Анда төө тапкан:
— Жүргүлө менин төөмө минип жаназага жетип баралы — деди.
Андай болсо макул экен деп, үчөө тең аттанып жүрдү. Көз ачып жумганча
кандын сарайына келип түшүштү. Кызды жуумак болуп жаткан экен. Анда
өлгөндү тиргизер илеген тапкан жигит ошо илегенге олтургузуп жуугула деп
илегенди бере койду. Кыз-аял дебей жабылып жууй баштаган эле, кыз
тирилип тура келди. Кан бул жигитке кызын бермек болду. Анда эки жигит
жагында талаш болуп топтогон бийге салмай болду. Бийлер эч кайсысына
буюруп бере албады. Бул кызды булардын кайсысына бересиз?


Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2 + три =