Картайган сайын адамзат
Карылыгын жек көрөт,
Кайран өмүр өттүң деп
Санаркап күнүн өткөрөт.
Эскирген сайын адамзат
Эскилигин жек көрөт,
Эссиз өмүр өттүң деп
Өткөнүнө өкүнөт.
Жашаган сайын адамзат
Жаштык кезин сагынат,
Аттиң ай минтип калбай деп
Жаш күнүнө таарынат.
Майышкан сайын адамзат
Балалыгын сагынат,
Баягыда минтпей деп
Өзүнө өзү таарынат.
Мен антпейин, курдаштар,
Жаштыгым өттү кезинде;
Заманым тынбай жоо кырып,
Ок жамынган мезгилде.
Өттү зуулап балалык,
Заманым баатыр кезинде;
Алпкаракуш жар ташка
Таш түлөк тууган мезгилде.
Өмүрүм кетти жыргалда,
Заманым жигит чагында;
Шумкарлар жүрдү үстүмдө,
Кабландар жүрдү алдымда.
Ар жашаган күнүмдүн
Бир мин күндүк салмагы;
Ар бир өткөн жылымдын
Бир кылымдай ардагы.
Жан көрбөгөн укмуштун
Артынан кетип баратам,
Өлүмдүн бары чын болсо
Өлүмдү барып таңгалтам.
Жаш улгайып күн өтсө –
Бекерге өттү дебеймин;
Отуздан ашкан жашымды
Беш жашарга бербеймин.
10/ХII 1945
Койсары
БЕШ ЖАШАРГА БЕРБЕЙМИН
Датасы: 29.12.2021