Бир кат алдым Бүбүйра аттуу бир кыздан Курбум берди үйдө жалгыз олтурсам. «Өбөм – дептир – ырың үчүн өзүңдү»… Кара калам жазууларын окусам. Мейли Бүбүш ырымды өпкүн садага, Жакшысын өп, жаманына караба. Мени өппөгүн, өбө турган түрүм жок, Ыраа көрбөйм сендей жакшы аялга. 2/Х1 1946 Чолпон-Ата