Шаарымдын бир учунан бир учуна карасам Жаңы түшкөн, тааныш эмес, жаңы там… Замандардан замандарга калкуучу, Чөкпөй турган кораблдей салынган. Ал тамдарда жашагандар ким десең? Менин бир боор кыргыз деген үй-бүлөм! Жаш калаага турактуу уул болууга, Аз жыл болду тоодон көчүп келишкен. 1/III 1940