Чыр, талаш, октуу, оттуу күндөр бүтсө, Кең уктап, кең ойгонгон мезгил келсе, Нечен жыл катуу ойлоп мээлери ооруп, Каржалган акылдуулар жеңилдешсе, – Болотту колуң менен кармап көргөн, Бейиштей эң укмуштуу убак жетсе, Жер жүзү бир атанын баласындай, Чакырып бирин бири мейман этсе. 1/ХI 1939