***

Кыйратам деп мейли кыян сел акса,
Өчүрөм деп караңгы түн басса да,
Бир кыядан — ар жагынан алардын
Чыга келет ыракат күн бир паста.
Өмүр жолу кээде бийик, кээде тар,
Тардыгы эмне күч болгон соң кармашар.
Көңүлдү эзип, жан кейиткен кайгынын —
Ар жагында түгөнбөгөн шаттык бар.
Кең сапарда учкан мезгил зуулдап,
Кандуу агын тосмолорго урунат,
Жетишпестик, кемчиликтин ичинен —
Намысы күч ырыс деген туулат.
Мен турмуштан көптү үйрөндүм көп көрүп,
Бек чыдамкай жигит болдум өзгөрүп…
Адам күнү — өлүм менен бүтүүнүн
Адатымда чындыгы жок өңдөнүп.
12/VII 1949
Чолпон-Ата

Автор

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

три × 1 =