ДӨӨТҮ УСТА МЕНЕН ИТЕЛГИ


Илгери өткөн заманда колунан көөрү төгүлгөн зергер уста Дөөтү жашаптыр.
Ал кызыл чокко колун салса да күйүүчү эмес экен. Темирди камырдай жууруп,
түркүн буюм жасачу, алтын-күмүштөн оймо-чийме төгүүчү. Баатырларга
соот-чопкут, жоо-жарак жасаса, элге алтындан баалуу буюмдар жасады, шаарга чеп курду желге жел тегирмен, сууга суу тегирмен чуркатты.
Калкы кадырлап, атагы алыска жайыла баштады. Миңдеген шакирттер —
өнөрүн үйрөндү. Алыскы өлкөдөн да келип, үйрөнүп кетип жатты. Дөөтү алардан эч өнөрүн аянган жок, баарына бирдей үйрөттү. «Бирок, — деди шакирттерине, — эч убакта мактанбагыла, эгер мактансаңар усталык өнөрдүн сыры ачылып калат да, оттогу темирди колуңар менен кармай албай каласыңар» деди.
Шакирттеринин баары устанын айтканын эске тутушту. Ошентсе да, алардын
ичинде бирөө бар экен.
Бир күнү бир кары адам: «Балам, усталыгың кандай, бардыгын үйрөнүп
калдыңбы?» дептир. Анда ала көөдөн: «Дөөтүдөн да өтүп калдым» деди, устанын айтканын эстен чыгарып. Дүкөнүн ачып, отко темир салып көрүгүн басып, темир кызыганда кармайын десе, колуна ысык темир шыр этип жабыша түштү. Ала көөдөн ошондо гана мактанып койгонун билди. «Аттиң» деп оозун карманды.
Жолоочулап кетимиш болуп, колун айыктырып алды, бирок дүкөнүнө кирип,
алып миң аракет кылса да эч нерсе чыкпады. Ошо кезде Дөөтү уста бүт ааламды кыдырып, шакирттерин көрүп жүргөн кези эле, бул устасына да кезикти, бирок, дүкөнүнө барган жок жөн гана: «Балам, иш кандай?» деди. Бала уялып эч нерсе айткан жок, Дөөтү уста билди да: «Ит сөөктү кантип кармап жегенин да билбейсиңби? » деди да, артын карабай жок болду. Бала эми түшүндү дүкөнүнө келип эптеп бир кычкач сокту. Ошондо баштап иши кайра жөнөдү. Экинчи мактанганды койду. Бир күнү Дөөтү уста тегирменин жүргүзөйүн деп чегип бүтүп, суу жыгайын деп жатса, чатырында бир ителги отурган экен. Дөөтүгө салам берип өзүнүн эмнеге келгенин айтты: «Сиз менен мелдешейин дедим эле, эгер мен сиздин тегирмендин ташын жара тээп, жүрүүгө жаратпай койсом, мага алтындан текөөр салып бересизби?» деди. Дөөтү уста: «Койгун, бекер убара болбо! Эгер жара тебе албасаң уят болосуң». Ителги болбоду. Мелдеш башталды.
Ителги асманга атып чыгып, типтик куушурулуп, келип тегирмендин ташын
жара тээп, кайра асманга атып чыкты. Дөөтү уста ителги кайра имерилгенче
ташка кадоо салып сууну жыгып жүргүзүп жиберди. Ителги кайрылып келип
караса, тегирмен кадимкидей эле жүгүрүп жатат, өз көзүнө ишенбей көпкө
таңыркап тиктеп турду. Качан гана устанын айлакерлигине жана амалына
түшүнгөндө, ыза болгон ителги ыйлап жиберет. Ошондон ителгинин көзүнө жаш толуп калган, көзүнүн жашын ушул убакка чейин аарчыбастан ителги ичиндеги ызасын чыгаруу үчүн түркүн кушка кас болуп кезиккенин жара тээп кете берет экен.
Дөөтү устага ителги кайрылып келген жок, эгер келсе тегирменди токтотуп
чын эле эрдигин көргөзмөк, ызасын басмак.
Дөөтү зергер да ушул күнгө чейин ителгини келип калабы деп күтүп жүрөт
дейт.

КЫРГЫЙ МЕНЕН ҮКҮ

Жем таап жээрге жарабай турган бир оору үкү менен бир алгыр кыргый
тааныш болот. Кыргый үкүнү өзүнөн артык кылып багат. Аягында экөө
кучакташып ынтымак дос болушат. Экөө алыска сапар жүрүшөт. Кыргыйдын
эстүүлүгү, алгырлыгы менен жакшы күн көрүшөт. Үкү оорусунан бат айыгып, өз тамагын табууга жарап калат.
Бир күнү: «Эми ар кимибиз өз күнүбүздү өзүбүз көрөлүк» деп үкү менен
кыргый ууга чыгат. Нары учуп, бери учуп эчтеме таба албай калышат.
Анда үкү кыргыйды акырын чакырып алып, кармайт да: «Мен сени жеймин»
дейт. Кыргый акыреттик достугун жана кылган көп кызматын айтып ыйлайт.
Анда үкү: «Жакшылыкка жакшылык эшектин иши, жакшылыкка жамандык
эшендин иши». Дүнүйөдө жашамак — алышмак, күрөшмөк, алы жетишпесе
ылдыйламак, айла кылмак, иши кылып өзү жашамак» дейт да, кыргыйды
чыркыратып баса калат. Темир айры өңдүү өткүр текөөрү менен кыргыйды
мыжып өлтүрөт. Аны жеп тоюп алып, кагынып учуп кетет.

ЧОМОТОЙ САЯТЧЫ


Бир күнү кузгун Чомотой саятчыга келди, салам берип күңгөй-тескейден
көргөн билгенин айтып берип, көпкө аңгемелешти. Андан соң шашып ыйлап
жиберди. Чомотой мурун шайыр отурган эле, муну көрүп,
катуу чочуп кетти. «Эмне капаң бар, Куке, батыраак айтып жиберчи, менин
колумдан келген иш болсо жардамдашайын, кимдир бирөөдөн ыза көрдүңбү, же байбичең көрүнбөй калыптыр сыркообу?» «Жок» деди кузгун. Ар жылда алты балапандуу болобуз, чоңоюп темир канат болгондо эле, уянын кырына чыгамын деп, биз жокто учуп өлүп калышат. Уяны зоого, жыгачка да салып көрдүк, эч пайда чыкпады, Чомоке. Бүгүн кемпирим кайтарып калды, кандай айла кылабыз?
Быйыл да бирөөнөн ажырадык.
Чомотой саятчы кемпирин чакырып: «Байбиче, бир түрүм шоона1 алып
келчи» деди. Кемпири алып келген шоонаны кузгунга берип: «Эси жок десе, ме
муну менен уянын кырына эч жакка жетпес кылып бутуна байлап койгун» деди.
Кузгун кубанып Чомотойдун акылына ыраазы болуп, алкыш айтып, шоонаны
алып үйүнө жөнөдү. Келди да, балапандарын жалгыздап бутунан байлап уяга
бекитип койду. Кайда барса да капарсыз учуп кете берүүчү болушту. Балапандар канатын күүлөп уча турган болгондо буттарын чечип учуруп чыгышты. Кузгун кубанып: «Эми Чомотойдун акысынан кутулуу керек» деди. Алыскы Каухар-Төрдөн балдарынын баарына чүкөдөй каухар тиштетип келип Чомотойго беришти. Карыя да кубанды. Балапандардын жонунан сылап эркелетти.
Мына ошондон кийин кузгун дайыма балапандарын аман-эсен учурат экен.

АЙБАНДАРДЫН ДОСТУГУ


Төө, аюу, түлкү, карышкыр, жолборс, улак — баары чогулуп кеңешип: «Бирге
жан багабыз» деп дос болуп жайлоого чыгышты. Төө, козу, улак үчөө чөп жеп
жакшы семиришет экен. Аюу, түлкү, карышкыр, жолборс болсо эч тамак таба
албай ачкалыктан аябай арыкташыптыр.
Бир күнү түлкү: «Баарыбыз ачка өлүп калбайлы, азырынча улак менен козуну
жей туралы» деди. Буга жолборс жана башкалары макул болушту. Улак менен
козуну эки күн азык кылышат. Дагы жээр эчтеке таба албай ачка болушту. Дагы бир күнү түлкү: «Минтип жүрүшүбүз болбойт экен, төөнү да жейли» деди. «Төө биздин төрөбүз болсо, муну кантип жейбиз?» деп жолборс сурады.
«Эгер силер макул болсоңор, төөнүн жайын өзүм табамын» деди түлкү.
Жолборс, карышкыр макул болушту.-
Түлкү төөгө барып, ар жагына бир, бер жагына бир чыгып эркелеп: «Төө аке,
тигил досторум азыр сизди союп жеп, көктөмдө кырк козулуу кой берели дейт.
Буга макул болосузбу» деди.
Төө ары ойлонуп, бери ойлонуп, бат эле байымак болду: «Көктөмдө сүйрөтпөй
жыйып берсеңер эле болду» деди. Түлкү жолдошторуна барып, карышкырды
төөнү союуга ээрчитип келди. Төө мойнун созуп, чөгүп берди. Түлкү менен
карышкыр сое башташты. Төөнүн ичин жаргандан кийин түлкү ичине кирип, ич майынын баарын жеп чыкты.
Карышкыр: «Сен жылтырап эле жеп чыктың, мен ачка каламбы» деди.
Түлкү: «Тамагы жаман кудай урган, мына муну жегин» деп өпкө, боорун алып
берди.
Карышкыр: «Тең жегенди теңирим сүйүптүр, тең жебегендин кепини
күйүптүр» деп, теңин түлкүгө берди. Өпкө, боорун бөлөм деп карышкырдын оозу бүт кан болуп калат. Түлкү бары-жогун кан кылса да, жымылдата жуунуп алат.
Төөнү союп болгон соң, аюу келип, этти бөлүштүрө баштады. Аюу: «Өпкө,
боору кана?» деп сурады. Карышкыр түлкүнү карады, түлкү карышкырды карап:
«Үңүрөйгөн митаам, өзүң жеп алып, мени эмнеге карайсың?» деди.
Аюу, жолборс, карышкырды кууган бойдон кетти. Аюу менен жолборс
келгенче, түлкү акең эттин баарын жыйып катып алды.
Баягы экөө кайтып келип: «эт кана?» деп, түлкүдөн сурады: «Мени жей электе
эле минтип чыр кылып жатасыңар, силерден эчтеке өнбөйт көрүнөт деп, туруп кетип калды» деди.
Аюу менен жолборс өкүнүп калды. Экөө кеткенден кийин, түлкү төөнүн этин
көрсөтпөй жей берди. Түлкү төөнүн этин жеп өтө семирди. Бир күнү жолборс:
«Түлкү, сен эмне жеп мынча семирдиң?» деп сурады.
Түлкү: «Ачка болгонумдан кийин ичеги-чучугумду чубап жеп жүрүп семирдим, эң эле таттуу болот экен» деди. Жолборс менен аюу ишенип, өздөрүнүн ичтерин жарып жеймин деп өлүштү. Ал экөөнүн этин да түлкү ээлеп калды.
Түлкү бир күнү карышкыр эмне болду экен деп издеп чыкты. Жол менен бара
жатса, бир жерге капкан салып коюптур, капкандын үстүнө килейген койдун
куйругун коюп коюшуптур, түлкү алып жей албай коркуп турду. Аңгыча болбой карышкыр келди. «Карышкыр аке, мына бул куйрукту сага койдум эле, алып жегин» деди. Карышкыр: «Кокустан анда капкан болуп жүрбөсүн» деди.
«Сакалдуу деп сага койсом, кудай алган жаман, жебейсиңби?» деп, түлкү тап
берип койду эле, карышкыр түлкүдөн мурун алып жейин деп, барып капканга
түшүп калды. Куйрук оозунан ыргып кетти. Түлкү куйрукту жай алып жеп: «Жат, бөрү аке, жабышып, капкан менен кабышып, эртең менен болгондо, ээси менен табышып», деп, түлкү желе жорто жүрүп кетти.

ТӨРТ АЗАМАТ


Коркпой суудан кечемин, Көчтү кууп жетемин; Козу-улакка кошулуп, Кулун
ойноп өсөмүн, Жалгызмын деп ыйлабайм, Ыйлап жанды кыйнабайм: Жолдош
чыгат жолуман, Жөнөйм элдин соңунан…
— деп жетим улак ырдап келатты.
Энеси өлүп, бул байкуш жетим калганда, ээси сүт берип торолткон. Бүгүн
эртең менен да сүт ичкенден кийин бир аз чөп оттоп, анан топ куурайдын түбүнө
жатып уктап калды. Элдин баары жайлоого шашып көчүп, эч ким муну эстеген
жок.
Ойгонор замат аркы-терки жүгүрүп, эки жагын элеңдеп карап эч кимди
таппай койду. Эски журтта жалгыз калганын билип, жакшы эле коркту, бирок,
ошондо да кайраттанып жолго чыкты.
Түшкө чейин ээн талаада жалгыз келатып, акыры тоо түбүндөгү төштү
таянды. Андагы чоң түп карагандыны көрүп, бир аз эс алмак болду.
Аңгыча бөлөк бирөөнүн ырдап келаткан үнүн укту:
Жолборско жолобойм, Аюудан кам санабайм, Карышкырга карматпайм, Түлкүгө түк алдатпайм, Көчтү кууп жетемин, Көп жол басып өтөмүн. Козуларга кошулуп, Күрпөң болуп өсөмүн.
Улак карагандын түбүнөн акырын гана шыкаалап көрсө, өзүнө теңтуш козу экен.
— Мэ — ээ! — деп маарап жиберди бул.
Козу да маарап, мунун жанына жүгүрүп келди. Экөө бирине бири эреркеп
ыйлап, арыз-муңун айтып көпкө чейин маарап турушту.
Акыры улак өпкө-өпкөсүнө батпай араң сүйлөп:
— Кайдан келатасың? — деп сурады.
— Эски журттан, — деди козу.
— Эмне үчүн жалгыз калдың?
— Уктап.
— Сүттү аябай ичкенден кийинби?
— Ооба.
— Жетим белең?
— Ооба.
— Так эле мендей болгон турбайсыңбы, эмесе экөөбүз бирге жүрөлү… Эл азыр
кайда көчөт, билесиңби?
Улактын бул суроосуна козу бир аз ойлонуп туруп, анан жооп берди:
— Азыр жайлоого чыкчу мезгил эмеспи… Жайлоо жалаң тоодо болот. Мен
ошол тоого көчтү деп баратам.
— Таптың. Мен да ошондой ойлогом. Жат көлөкөгө. Азыраак тыныгып алып,
анан жөнөйлү.
Козу да көлөкөгө жатты.
Аңгыча дагы бирөөнүн ырдаган үнү угулду:
Тоссо душман жолуман,
Тоотпостон өтөмүн,
Тооруп мени жейм десе,
Тоголото сүзөмүн,
Мөөрөсөм кыйын үнүм бар,
Качырсам катуу сүрүм бар,
Жалгыз калып өлбөймүн,
Жашайм — көрөр күнүм бар.
Улак менен козу маараган бойдон алдынан тосо жүгүрдү, анткени ал музоо
эмес — таянар тоо сыңары көрүндү. Музоонун өзү да мөөрөп жиберди. Үчөө
бирин бири жыттап, көз жашын мөлтүрөтө бышактап ыйлап, анан бат эле
сооронуп, кепке келишти.
— Сен кайдан жүрөсүң? — деп сурады улак музоодон.
— Эски журттан.
— Эмне үчүн жалгыз калдың?
— Уктап…
— Сүттү көп ичип койгонсуң го? — деп сурады козу.
— Ооба.
— Жетим белең?
— Ооба.
— Так эле биздей турбайсыңбы?.. Жүр карагандынын түбүнө бир аз
тыныгалы. Көчтү кууп жетиш үчүн анчалык кыйын эмес. Үчөөбүз бирге жүрүп,
эмнеден коркмок элек! — деп улак мурдакы ордуна кайрадан ээрчитип барды.
Аңгыча дагы бирөөнүн үнү угулду:
Маң-маң бастым, маң бастым,
Чуудамды бүт чаң бастың.
Уктап калып талаада
Өз тобуман адаштым.
Калкым кайда көчтү экен?
Кайсы жерден өттү экен?
Калганымда мен уктап,
Кантип таштап кетти экен?..
— Бул келаткан бото турбайбы, — деди улак. — Жүргүлө курбулар… Жакшы
эле эс алдык. Эми эч кимден коркпойбуз. Төө тукуму жаныбызда жүрсө, дагы
өзүбүз төртөө болсок — эмнеден коркобуз?
Үчөө келип ботонун боздогон үнүн тыйып, ага кайрат айтып, көңүлүн
көтөргөндөн кийин жолго чыгышты. Маңыроо музоо: «Сен да жетим белең» деп ботодон сурай коюп, ошондо бул ырас эле жетим экенин айтып боздогондо, улак урушуп, музоо мөөрөп жатып араң токтотушту.
— Сенин эркелей турган энең эмес, элиң да жок, эмне мынча озондойсуң?! —
деп жиберди улак. — Андан көрө оболу элди табалы, анан канчалык боздосоң
өз эркиң. А бул жерде озондоп отуруп, жырткычтарды бүт жыйнап алганы
жатпайбызбы!..
— Ырас эле, тигине жырткыч жолборс! — деп өлгүдөй коркуп кетти козу.
— Беркилер да бүт коркуп, бирок жакшылап караса, ал жолборс эмес,
жолборстун териси экен, жолдун жээгине түшүп калыптыр!
— Биздин кожоюн анык аңкоо жана эч нерсени элес албас киши экенин эми
билдим, — деди улак. Төртөөбүздүн тең энебизди так ошол байкабай жүрүп
өлтүрүп алган окшойт. Ал аз келгенсип, өзүбүздү уктаган жерде унутуп коюптур.
Азыр мында эң эле кымбат териси жатканын көр! Көч үстүнөн түшүп калган
терини бирөө да байкабаптыр. А керегеде илинип турганда, кокус чайнап коет
деп, мени мунун жанына жакын жолотчу эмес…
Ошондо гана беркилердин жүрөгү ордуна келип биринен сала бири үшкүрүп
жиберишти.
— Чөк! — деди улак, тайлакка карап, — Жолборстун терисин жамын.
Анан бизге аюу, жолборс же карышкыр тургай, арстандын өзү да кол саларын
көрөлү?
Тайлак чөктү. Үчөөлөп терини анын үстүнө жаап, эми ээн-эркин суу ичмек
болуп өзөнгө барышты.
Суунун боюндагы таш үңкүрдө уулдап-чуулдап, улуп-уңшуп, дайны жок
ырдаган үн угулду. Тайлак менен музоону жакын жерге тургузуп коюп, бул эмне болгон уу-чуу экенин билиш үчүн улак козуну ээрчитип, үңкүргө кирди.
Куу түлкү өзү корккон айбандарды конокко чакырыптыр. Төрдө жолборс, аюу
жана карышкыр олтурат. Түлкү аларга кошоматты кош айтып, тамакты ырдап
сунуп, мындай деди:
— Калк өстүргөн көп малдан,
Кагып жеген мына биз.
Эл өстүргөн көп малдан,
Илип жеген мына биз.
Жокем биздин башчыбыз,
Какем азык тапчубуз,
Аюу биздин аксакал,
Кана муну ала сал!
— деп колундагы этти аюуга берди.
Аюу аны жеп көрүп:
— Этиң сасып калыптыр, жебейм аны, андан көрө өзүм көтөрүп келген
ышкынды жейм, — деп аюу таманы менен оозу-мурдун аарчып, ышкындан
барс-барс эттире жей баштады.
— Эт эмес эле талаада жаткан тарпты таап алган окшойсуң, — деди жолборс,
карышкырга каардуу карап.
— Аттиң ай, семиз козунун жаш эти болсочу! — деп түлкү куйтулана сүйлөдү.
Ошондо улагада турган козу коркконуна чыдабай маарап жиберди.
Түлкү жалт карап, эми ого бетер шаттанып ырдады:
Экөө бирдей энтелеп,
Келген тура даяр эт,
Качыр каке козуну,
Козгол буга ылдам жет!
Козу байкуш тирилей өлүп былк этпестен туруп калды. Улак дагы эле эрдик
кылып, минтип айтты:
— Сыртта биздин сырттан бар, Бириңди соо койбойт ал: Жону жолборс, өзү нар, Сүрү катуу чын көк жал, Карышкырдын терисин, Сыйрып ичик кийебиз. Түлкү бизге чак тумак, Же тебетей кийебиз, Жолборсту жүгөндөп, Жоого каршы минебиз. Аюу болот чоң талпак, Капшыт жакка биз жайып, Канча бассак былк этпей Жатсын жерди кучактап.
— Ал анчалык эмне экен? Барып карачы түлкү! — деди жолборс.
Түлкү сыртка жүгүрүп чыгып, же жолборс, же бөлөк эмне экени билинбеген
укмушту көргөндө куйругун кыпчыган бойдон качып жөнөдү.
Анан карышкыр чыгып баратып, козуну бир карап алганда, бул байкуш ого
бетер бүрүшүп, өлүп кете жаздады.
Коркконуна чыдабай бото боздоп, музоо мөөрөп жибергенде, алардын үнүнөн
да, сүрүнөн да кошо корккон карышкыр кайрылбастан кетти.
— Жанагы экөө кайда жоголду? — Эми сен барып карачы, аюу! — деди
жолборс. Аюу да талпаңдап качты.
Акырында жолборс өзү чыгып: «Тиги турган менби же мен эмесминби?» —
деп аң-таң боло карап, бирок бото коркконунан атасы буураны туурап
буркан-шаркан түшкөндө, жолборс да булт коюп жөнөдү.
Төрт жетим үңкүрдөгү даяр ашка караган жок. Себеби, булар үчүн жайлоонун
көк жашыл чөбү ансыз да жайнап турат.
Ошондо улак минтип айтты:
— Биз азыр ач көз байдын малы эмес, көпчүлүккө таандык малбыз. Бизге
жакшылап көз салбаган кишинин жазасын көпчүлүк аябай берер. Бирок,
көпчүлүктүн пайдасы үчүн өсүп берүүгө мына ушинтип өзүбүз да аракет кылалы.
Анан көчтү кууп, жайлоого жаңы конгон элге бат эле жетип барышты. Өздөрү
аман, анын үстүнө жоголгон жолборс терисин таба келгенине буларга ыракмат айтты.
— Мен силердин алдыңарда өлгүдөй уят болдум,— деди ээси.
Ал эми көпчүлүктүн алдында мыктап жазамды тартканмын. Өзүм багып
жүргөн малдын кайда калганын мына ушинтип көрбөй же билбей калып отурсам, анда менин эмнем малчы?!

ТОРГОЙ


Учуп келаткан торгойдун топусу эрмендин арасына түшүп кетти. Торгой
эрменге карап:
— Эрмен, эрмен топумду алып берчи, — деди.
— Сенин топуң эмес, өзүм ордуман козголо албай турам, — деди эрмен.
— Анда сени эчкиге айтып жегизем, — деди да, торгой эчкиге келди.
— Тетиги жерде көп эрмен бар экен, ошону жесең болбойбу?
— Эрменди жемек тургай, улагымды көтөрө албай араң эле жүрөм, — деди
эчки.
— Сени карышкырга айтып жегизем, — деп торгой учкан бойдон карышкырга
барды:
— Карышкыр, карышкыр, төмөн жакта бир эчки турат, жесең боло.
— Эчки жемек түгүл, үңкүрүмдү каза албай жатам, — деп жооп берди
карышкыр.
— Сени жылкычыга барып айтайын, азыр чаап алсын! — деди да, торгой
сызган бойдон жылкычыга жетти:
— Жылкычы, жылкычы төмөнкү коктуда бир карышкыр үңкүр казып жатат,
чаап алсаң боло.
— Карышкыр чапмак түгүл, жоголгон жылкымды таба албай жүрөм, — деп
жылкычы сүйлөдү.
— Сени байга айтпасамбы, — деди торгой.
Анан байга келди:
— Бай, бай, жылкычың жылкыларды жоготуп, таппай жүрөт, аны урсаң боло.
— Жылкычыны урмак түгүл, казымды көтөрүп баса албай отурам, — деди бай.
— Сени чычканга айтып казыңды тештирейин, — деп торгой чычканга келди.
— Байдын казысын тешмек түгүл, балдарыма ийин каза албай жатам, — деп
чычкан чыйылдады.
— Сени тентек балага айтып, ийиниңе суу куйдурбасам! — деп торгой
кекенген бойдон тентекке барып айтты.
— Ийинге суу куймак түгүл, балдарга чүкөмдү уттуруп, музоомду кайтара
албай жүрөм, — деди тентек бала.
— Сени энеңе айтпасамбы! — деди да торгой баланын энесине учуп кетти:
— Балаң чүкөсүн уттуруп, музоосуна карабайт экен, сабасаң боло!
— Аны сабамак тургай, жүн сабай албай жатам, — деди энеси.
— Сени куюнга айтып, жүнүңдү учуртайын, — деди да торгой куюнга барып
айтты. Анын колу-жолу бош экен, макул болду. Куюн кокту ылдый келип,
кемпирдин жүнүн учурду, кемпир баласын урду, баласы чычкандын ийнине суу куйду. Чычкан чыга калып, байдын курсагын тырмады, бай жылкычысын урду, жылкычысы карышкырды кууду, карышкыр кара эчкини кууду, эчки эрменди жеп, торгойдун топусун алып берди. Ошондон кийин торгой топусун башына түшүрбөй, дайыма баса кийип жүрүүчү болуптур.