ТӨРТ АЗАМАТ


Коркпой суудан кечемин, Көчтү кууп жетемин; Козу-улакка кошулуп, Кулун
ойноп өсөмүн, Жалгызмын деп ыйлабайм, Ыйлап жанды кыйнабайм: Жолдош
чыгат жолуман, Жөнөйм элдин соңунан…
— деп жетим улак ырдап келатты.
Энеси өлүп, бул байкуш жетим калганда, ээси сүт берип торолткон. Бүгүн
эртең менен да сүт ичкенден кийин бир аз чөп оттоп, анан топ куурайдын түбүнө
жатып уктап калды. Элдин баары жайлоого шашып көчүп, эч ким муну эстеген
жок.
Ойгонор замат аркы-терки жүгүрүп, эки жагын элеңдеп карап эч кимди
таппай койду. Эски журтта жалгыз калганын билип, жакшы эле коркту, бирок,
ошондо да кайраттанып жолго чыкты.
Түшкө чейин ээн талаада жалгыз келатып, акыры тоо түбүндөгү төштү
таянды. Андагы чоң түп карагандыны көрүп, бир аз эс алмак болду.
Аңгыча бөлөк бирөөнүн ырдап келаткан үнүн укту:
Жолборско жолобойм, Аюудан кам санабайм, Карышкырга карматпайм, Түлкүгө түк алдатпайм, Көчтү кууп жетемин, Көп жол басып өтөмүн. Козуларга кошулуп, Күрпөң болуп өсөмүн.
Улак карагандын түбүнөн акырын гана шыкаалап көрсө, өзүнө теңтуш козу экен.
— Мэ — ээ! — деп маарап жиберди бул.
Козу да маарап, мунун жанына жүгүрүп келди. Экөө бирине бири эреркеп
ыйлап, арыз-муңун айтып көпкө чейин маарап турушту.
Акыры улак өпкө-өпкөсүнө батпай араң сүйлөп:
— Кайдан келатасың? — деп сурады.
— Эски журттан, — деди козу.
— Эмне үчүн жалгыз калдың?
— Уктап.
— Сүттү аябай ичкенден кийинби?
— Ооба.
— Жетим белең?
— Ооба.
— Так эле мендей болгон турбайсыңбы, эмесе экөөбүз бирге жүрөлү… Эл азыр
кайда көчөт, билесиңби?
Улактын бул суроосуна козу бир аз ойлонуп туруп, анан жооп берди:
— Азыр жайлоого чыкчу мезгил эмеспи… Жайлоо жалаң тоодо болот. Мен
ошол тоого көчтү деп баратам.
— Таптың. Мен да ошондой ойлогом. Жат көлөкөгө. Азыраак тыныгып алып,
анан жөнөйлү.
Козу да көлөкөгө жатты.
Аңгыча дагы бирөөнүн ырдаган үнү угулду:
Тоссо душман жолуман,
Тоотпостон өтөмүн,
Тооруп мени жейм десе,
Тоголото сүзөмүн,
Мөөрөсөм кыйын үнүм бар,
Качырсам катуу сүрүм бар,
Жалгыз калып өлбөймүн,
Жашайм — көрөр күнүм бар.
Улак менен козу маараган бойдон алдынан тосо жүгүрдү, анткени ал музоо
эмес — таянар тоо сыңары көрүндү. Музоонун өзү да мөөрөп жиберди. Үчөө
бирин бири жыттап, көз жашын мөлтүрөтө бышактап ыйлап, анан бат эле
сооронуп, кепке келишти.
— Сен кайдан жүрөсүң? — деп сурады улак музоодон.
— Эски журттан.
— Эмне үчүн жалгыз калдың?
— Уктап…
— Сүттү көп ичип койгонсуң го? — деп сурады козу.
— Ооба.
— Жетим белең?
— Ооба.
— Так эле биздей турбайсыңбы?.. Жүр карагандынын түбүнө бир аз
тыныгалы. Көчтү кууп жетиш үчүн анчалык кыйын эмес. Үчөөбүз бирге жүрүп,
эмнеден коркмок элек! — деп улак мурдакы ордуна кайрадан ээрчитип барды.
Аңгыча дагы бирөөнүн үнү угулду:
Маң-маң бастым, маң бастым,
Чуудамды бүт чаң бастың.
Уктап калып талаада
Өз тобуман адаштым.
Калкым кайда көчтү экен?
Кайсы жерден өттү экен?
Калганымда мен уктап,
Кантип таштап кетти экен?..
— Бул келаткан бото турбайбы, — деди улак. — Жүргүлө курбулар… Жакшы
эле эс алдык. Эми эч кимден коркпойбуз. Төө тукуму жаныбызда жүрсө, дагы
өзүбүз төртөө болсок — эмнеден коркобуз?
Үчөө келип ботонун боздогон үнүн тыйып, ага кайрат айтып, көңүлүн
көтөргөндөн кийин жолго чыгышты. Маңыроо музоо: «Сен да жетим белең» деп ботодон сурай коюп, ошондо бул ырас эле жетим экенин айтып боздогондо, улак урушуп, музоо мөөрөп жатып араң токтотушту.
— Сенин эркелей турган энең эмес, элиң да жок, эмне мынча озондойсуң?! —
деп жиберди улак. — Андан көрө оболу элди табалы, анан канчалык боздосоң
өз эркиң. А бул жерде озондоп отуруп, жырткычтарды бүт жыйнап алганы
жатпайбызбы!..
— Ырас эле, тигине жырткыч жолборс! — деп өлгүдөй коркуп кетти козу.
— Беркилер да бүт коркуп, бирок жакшылап караса, ал жолборс эмес,
жолборстун териси экен, жолдун жээгине түшүп калыптыр!
— Биздин кожоюн анык аңкоо жана эч нерсени элес албас киши экенин эми
билдим, — деди улак. Төртөөбүздүн тең энебизди так ошол байкабай жүрүп
өлтүрүп алган окшойт. Ал аз келгенсип, өзүбүздү уктаган жерде унутуп коюптур.
Азыр мында эң эле кымбат териси жатканын көр! Көч үстүнөн түшүп калган
терини бирөө да байкабаптыр. А керегеде илинип турганда, кокус чайнап коет
деп, мени мунун жанына жакын жолотчу эмес…
Ошондо гана беркилердин жүрөгү ордуна келип биринен сала бири үшкүрүп
жиберишти.
— Чөк! — деди улак, тайлакка карап, — Жолборстун терисин жамын.
Анан бизге аюу, жолборс же карышкыр тургай, арстандын өзү да кол саларын
көрөлү?
Тайлак чөктү. Үчөөлөп терини анын үстүнө жаап, эми ээн-эркин суу ичмек
болуп өзөнгө барышты.
Суунун боюндагы таш үңкүрдө уулдап-чуулдап, улуп-уңшуп, дайны жок
ырдаган үн угулду. Тайлак менен музоону жакын жерге тургузуп коюп, бул эмне болгон уу-чуу экенин билиш үчүн улак козуну ээрчитип, үңкүргө кирди.
Куу түлкү өзү корккон айбандарды конокко чакырыптыр. Төрдө жолборс, аюу
жана карышкыр олтурат. Түлкү аларга кошоматты кош айтып, тамакты ырдап
сунуп, мындай деди:
— Калк өстүргөн көп малдан,
Кагып жеген мына биз.
Эл өстүргөн көп малдан,
Илип жеген мына биз.
Жокем биздин башчыбыз,
Какем азык тапчубуз,
Аюу биздин аксакал,
Кана муну ала сал!
— деп колундагы этти аюуга берди.
Аюу аны жеп көрүп:
— Этиң сасып калыптыр, жебейм аны, андан көрө өзүм көтөрүп келген
ышкынды жейм, — деп аюу таманы менен оозу-мурдун аарчып, ышкындан
барс-барс эттире жей баштады.
— Эт эмес эле талаада жаткан тарпты таап алган окшойсуң, — деди жолборс,
карышкырга каардуу карап.
— Аттиң ай, семиз козунун жаш эти болсочу! — деп түлкү куйтулана сүйлөдү.
Ошондо улагада турган козу коркконуна чыдабай маарап жиберди.
Түлкү жалт карап, эми ого бетер шаттанып ырдады:
Экөө бирдей энтелеп,
Келген тура даяр эт,
Качыр каке козуну,
Козгол буга ылдам жет!
Козу байкуш тирилей өлүп былк этпестен туруп калды. Улак дагы эле эрдик
кылып, минтип айтты:
— Сыртта биздин сырттан бар, Бириңди соо койбойт ал: Жону жолборс, өзү нар, Сүрү катуу чын көк жал, Карышкырдын терисин, Сыйрып ичик кийебиз. Түлкү бизге чак тумак, Же тебетей кийебиз, Жолборсту жүгөндөп, Жоого каршы минебиз. Аюу болот чоң талпак, Капшыт жакка биз жайып, Канча бассак былк этпей Жатсын жерди кучактап.
— Ал анчалык эмне экен? Барып карачы түлкү! — деди жолборс.
Түлкү сыртка жүгүрүп чыгып, же жолборс, же бөлөк эмне экени билинбеген
укмушту көргөндө куйругун кыпчыган бойдон качып жөнөдү.
Анан карышкыр чыгып баратып, козуну бир карап алганда, бул байкуш ого
бетер бүрүшүп, өлүп кете жаздады.
Коркконуна чыдабай бото боздоп, музоо мөөрөп жибергенде, алардын үнүнөн
да, сүрүнөн да кошо корккон карышкыр кайрылбастан кетти.
— Жанагы экөө кайда жоголду? — Эми сен барып карачы, аюу! — деди
жолборс. Аюу да талпаңдап качты.
Акырында жолборс өзү чыгып: «Тиги турган менби же мен эмесминби?» —
деп аң-таң боло карап, бирок бото коркконунан атасы буураны туурап
буркан-шаркан түшкөндө, жолборс да булт коюп жөнөдү.
Төрт жетим үңкүрдөгү даяр ашка караган жок. Себеби, булар үчүн жайлоонун
көк жашыл чөбү ансыз да жайнап турат.
Ошондо улак минтип айтты:
— Биз азыр ач көз байдын малы эмес, көпчүлүккө таандык малбыз. Бизге
жакшылап көз салбаган кишинин жазасын көпчүлүк аябай берер. Бирок,
көпчүлүктүн пайдасы үчүн өсүп берүүгө мына ушинтип өзүбүз да аракет кылалы.
Анан көчтү кууп, жайлоого жаңы конгон элге бат эле жетип барышты. Өздөрү
аман, анын үстүнө жоголгон жолборс терисин таба келгенине буларга ыракмат айтты.
— Мен силердин алдыңарда өлгүдөй уят болдум,— деди ээси.
Ал эми көпчүлүктүн алдында мыктап жазамды тартканмын. Өзүм багып
жүргөн малдын кайда калганын мына ушинтип көрбөй же билбей калып отурсам, анда менин эмнем малчы?!

АЛНАЗАР БАКЫ


Илгери-илгери Жаныбек хан деген хан бар экен. Анын сегиз уулу болуптур.
Сегиз уулунун алды агала сакал болгончо катын алып берген эмес экен. Байдынсегиз уулу чогулуп үч күнү кеңеш кылып: «Атабызга катын алып бер деп кантип айттырабыз?» дейт экен. Алар ары ойлонуп, бери ойлонуп Алназар Бакыны алдырат экен. Алназар Бакы келип: «Мени эмне үчүн чакырдыңар?» десе, алар:
«Биз бир энеден сегиз экенбиз, алдыбыз ак ала сакал, артыбыз кара сакал
болуптурбуз. Сен бир энеден жалгыз экенсиң. Кер мурут болупсуң. Ушул убакка чейин бирөөбүздүн да катыныбыз жок. Бир жака барсак «Жаныбек байдын сегиз аңгиси» келе жатат деп жаман аттуу болдук. Атабызга катын алып бер деп кантип айттырарды билбей, сени чакырдык» дешет. «Силер айыл-айылды кыдырып, кыз карай берсеңер, атаңарга бир теңтушу кеп айтар, анан силерди эсине алып катын алып берер» деп, Алназар Бакы кеңеш берген экен.
Сегиз ага-иниси айткандай кыз издейт экен. Байдын теңтушу келип
балдарынын кыз издеп жүргөнүн айтат. Ошондо Жаныбек хан: «Атаганат, мен
эмнени унуттум десем, балдарыма катын алып бербей унуткан экенмин» деп,
санын бир чапкан экен.
Хан: «Сегизине сегиз жерден кайындап, башка-башка кыз алып бергиче
өмүрүм өтүп кетер, андан көрө сегизине бир жерден кыз алып берейин» деп кыз издеп жөнөйт экен.
Бай төгөрөктүн төрт бурчун кыдырып, сегиз кыздуу киши издеп таппай кечке
маал бөлгөндө бир байдын үйүнө келип отуруп, эки жакты караса керегенин
башында жети сөйкө илинип турганын көрүп, «атаа бир балама жетпей калды», деп, оң карап ыйлап, сол карап күлгөн экен. Ошондо байдын байбичеси көрүп:
«Атаа, оозуңа кап толгур, айт жөнүңдү эмне ыйлайсың?» деп ханды жакасынан кармап туруп, эки жаакка эки чабат.
«Атаа, байбиче сегиз уулум бар эле. Керегенин башындагы жети сөйкөнү
көрүп, ыйлаганым да, күлгөнүм да ушул эле» дейт экен.
Анда байбиче: «Оозуңа кара кан толгур, менин тогуз кызым бар. Экөөсү
сөйкөнү салбай кеткен тура» дейт экен. Кан токолунун баласы Алназар Бакыны унутуп калган экен: «Атаа, байбиче, менин да тогуз уулум бар эле» дейт экен.
Бай: «Мен кыздарымдын калыңына мал албаймын, эшигимдин алдына бир
май көл, бир сүт көл орнот. Биринин чабагы бирине ыргып түшсүн, бир алтын
терек, бир күмүш терек орнот. Биринин булбулу сайрап, бирине конуп турсун.
Көчүгүмдү коюп отургудай алтын так болсун. Эшигимдин алдынан өзөн суу агыз. Өйүз-бүйүзүмө мамы тизилсин. Ошону тегиз жериме жеткирсең, кыздарымды ал» деди.
Жаныбек хан үйүнө кетип баратып: «Май көл, сүт көлдү орнотсом, чабакты
кайдан табам? Теректи орнотсом, булбулду кайдан табам. Өзөн сууну бурдурсам, мамыны кайдан тиздирип бүтүрөм?» деп Жаныбек хан үйүнө кайгыланып түштү.
Ошол учурда Алназар Бакы уктап жаткан экен. «Тур Алназар Бакы, жанындагы жүгөндү алып, атаңдын кашка жоргосун кармап минип, ары-бери чапкылап, кара сууга чөмүлтүп барып, атаңа салам бер. Ар жакка карап кетет. Ар жагынан салам бер, бер жакка карап кетет. Бер жагынан салам берсең, ал: «кысталактын башын ал!» дейт.
«Таксыр, арыз» дегиң. «Айт» дейт. «Кайгырып келген ишиңди мага бериңиз.
Үч күнгө чейин бүтүрөмүн» деп түшүндө аян берет экен.
Алназар Бакы түшүнөн ойгонуп тура калса, жанында бир жүгөн жатат.
Жүгөндү алып, жүгүрүп барып, атасынын кашка жоргосун кармап терге
чөмүлтүп, атасына барып, салам берсе, атасы ары карап кетет экен. Бер жагынан барып салам берсе, «кысталактын башын ал!» дейт. Аны укканда Алназар Бакы:
«Таксыр арыз» дейт экен. «Айт арызыңды» десе, «ушу кыжалат кылып аткан
ишти мага берсең үч күндө бүтүрөмүн» дейт экен. «Бүтүрбөсөң башыңды
аламын!» деп Жаныбек хан уруксат берет.
Бала үч күнгө чейин бир кетмен топурак чаппай: «Мага чын көрүндүңбү, калп
көрүндүңбү?» деп үчүнчү күндө баягы дөңгө чыгып уктап жатса: «Тур Алназар
Бакы! Атаңдын көк өгүзүнүн бир көзүн чукуп, сүт көл бол деп ыргыт, бир мүйүзүн алтын терек бол деп ыргыт, бир мүйүзүн чынар терек бол деп ыргыт, биринин булбулу бирине консун деп ыргыт, ичегисин үйүн айланган алтын болсун деп ыргыт, тогуз кашык канын көчүк коюп отургандай сокудай алтын болсун деп ыргыт. Жанындагы куу таякты алып, чуу деп жүрүп отур. Эки жагыңа караба, тизилген мамыны санаба, өзөн суу агып, өйүз-бүйүзгө мамы тизилет» деп дагы түшүндө аян берет. Бала ойгонуп түшүндө көргөндөрүн аткарат. Баары бүткөндөн кийин бай: «Баары бүттү. Келиндерин алып алсын» деп Жаныбек ханга киши жиберет. Жаныбек хан сегиз уулун ээрчитип, Алназар Бакыны дагы унутуп таштайт экен. Мындай чыгып эстеп: «Бардык баламдын башы, толгон балам толугу, ушул ишти бүтүргөн. Алназар Бакыга өзүм барбасам келбес» деп үйүнө келет. «Алназар Бакы кайда? » деп энесинен сураса: Бая эле атам менен барам деп кетип калган» дейт экен. Атасы үйүнө барып караса Алназар Бакы тактысына минип отурган экен. «Балам жүрбөйсүңбү?» десе, «сен да кетсең, мен да кетсем, мында сиздин тактыңыз куру калабы? Балдарыңыздын улуусу улуусун, кичүүсү кичүүсүн алар, мага кенже кызы Кенжекени берет. Кайнатам мага кара болот өгөөсүн берет. Ошону мага сактап алып келип бериңиз. Кайта келе жатканда көлөкөсү көйкөлгөн, көк шибери жайкалган бир булагы бар. Ошого конбоңуз!» дейт экен Алназар Бакы.
Жаныбек хан кудасына барып, отуз күн ойнотуп, кырк күн кыңшылатып
байдын кыздарын алат экен. Кудасы улуу кызын улуусуна, кичүү кызын
кичүүсүнө, кенже кызын, Кенжекени Алназар Бакыга берет экен.
Жаныбек хан келиндерин алып, кайта үйүнө келе жатканда баягы баласы
айткан көлөкөсү көйкөлгөн, көк шибери жайкалган булакка келет экен. Ошондо Кенжеке: «Ушул жер жин пери ойногон жер экен, атам конбосун» дейт экен. Баягы сегиз уулу: «Как баш келинин ээрчитип кете берсин, атка жайлуу жер экен түшөбүз» деп түшүп калышат.
Эртең менен балдары келиндери уктап жатканда Жаныбек хан «аттарды
сугарып келейин деп, сууга барат. Аттарын сууга айдап келсе сууда казандай өпкө калкып турган экен. Аттары кошкурук атып, суу ичпей үркөт экен. «Ай жылас болгон жылкычылар жылкынын баарын союп өпкөсүн сууга таштап жиберген экен го» деп, атынан түшө калып, өпкөнү суудан алып ыргытайын дегенде, жети баштуу жез кемпир тура калып, байды чап билектен алып көмөрүп уруп, көөдөнгө минип: «Ай как баш, мага эмне бересиң? дегенде: «Өрүш толгон жылкым бар, муну берейин» деди. «Ай как баш, сен өлгөндөн кийин ал жылкылар меники эмей кимдики» деп дагы желип койду эле, Жаныбек өлүп кете жаздап;
«Дүнүйө толгон төөм бар, муну берейин» деди. «Ай как баш сен өлгөндөн кийин меники эмей кимдики?» деп дагы желип-желип койду. Акылынан шашкан бай:
«Короо толгон коюм бар, муну берейин» деди. «Ай как баш сен өлгөндөн кийин меники эмей кимдики?» «Үңкүр толгон үйүм бар, муну берейин». «Ай как баш, сен өлгөндөн кийин меники эмей кимдики?»
— Сегиз уулум, сегиз келинимди берейин.
— Ай как баш сен өлгөндөн кийин меники эмей кимдики?
Өлөрүнө көзү жетип, акыры айласы кетип: «Бардык баламдын башы, толгон
балам толугу, Алназар Бакымды берейин» — деди Жаныбек хан. «Ай курган чал, бая эле ушуну айтпайсыңбы?» деди желмогуз кемпир. «Алназар Бакыны мага кантип бересиң?» десе, анда Жаныбек хан: «Кайнатасы берген кара болот өгөөсү бар эле, ушуну эптеп алып, түп тулганын түбүнө жөлөп кетейин. Андан аркысын өзүң эптеп аларсың» деди.
Жаныбек хан аттарын айдап барып: «Балам, өгөөнү алып таштачы, ат
кургурдун бутуна чөңөр кириптир» десе келини ары карап ыйлап, бери карап
күлүп, өгөөнү алып таштады.
Бай балдарын жөнөтүп өзү атынын бутундагы чөңөрүн алып, өгөөнү түп
тулганын түбүнө жөлөп коюп, үйүнө барып жатты.
Кенжеке үйүнө барып түшкөндөн кийин Алназар Бакы Кенжекеден «Кайнатам берген кара болот өгөө кана?» деп сураса, Кенжеке өгөөнү атаң алды» дейт.
Алназар Бакы атасына барып: «Ата менин кайнатам берген кара болот өгөөм
кайда?» десе: «Алда эсиң алгыр ай! Аты кургурдун бутуна чөңөр кирип, ошону
өгөп алып туруп, түп тулганын түбүнө жөлөп койдум эле, унутуп калган экем да» деди.
Алназар Бакы ошондон кийин үйүнө келип, жөнөмөк болгондо келинчеги
Кенжеке: «Бүгүн жатып, эртең барарсың» деп токтотуп, ал күнү жатып, эртесине өгөө калган журтка жөнөдү. Барса, таш тулганын түбүндө шилби шыйрак, шиш аяк, түлкү тумшук, бөрү көз бир жадыгер кемпир отурат.
— Ассалоом алейкум, энекеш! деди.
— А-алейкум ассалам, балакеш! Балам, саламың болбосо саргартар элем ээ!
— Энеке алигиң болбосо алсыратар элем ээ.
— Эмне келдиң балам?
— Өгөөм калыптыр* эне, өгөөгө келдим эле.
— Эй, балам өгөөңдү мен алып калгамын. Сени бир жумушка жумшайын —
деди.
— Ээ эне атым жок, тонум жок, жарак-жабдыгым жок. Сенин ишиңе кайдан
жараймын? Жутуучу болсоң жут. Жутпасаң өгөөмдү бер!
— Атаа балам, сени жутпайт элем. Сен ушул ишиме жарайт элең, — деп
кынжыла берди.
— Атаа, эми болбостур деп, өгөөсүн алып, Алназар Бакы кемпирди ээрчип
жөнөдү.
Кемпир темирден капка шаарына баланы алып барып: «Жер астында
Айгандын кызын алып келип бер» деп жумшады. Алназар Бакы Айгандын кызы Алтынай сулууну карай жөнөдү. Кетип бара жатса, бир жолборстун бутуна чегедек кадалып калыптыр. Алназар Бакы жолборстун бутунан чегедекти сууруп алды эле, капчыгайдын ичин ириң каптап кетти. Жолборс: «Эмне башыңа иш түшсө, отко куйкалагың» деп, бир мурутун жулуп берди. Бала мурутту жанына салып алып, андан ары жүрүп кете берди. Андан ары бара жатса, бир адам тегирмендин ташын көчүгүнө байланып алып, ал жейренди барып бир тебет.
Алназар Бакы карап туруп таң калат да: «Эй тегирмендин ташын көчүгүнө
байланган аке, ушул өнөрүңө баракелде» деди. «Эй, балам ай, ушул өнөрүмдү
карыгыча бирөө баракелде деген эмес эле. Мен да сага жолдошмун» деп ээрчип алып жөнөдү.
Андан ары кетип бара жатса, бир киши бир көлдүн суусун бир көлгө ууртап,
куят. «Эй, көл ууртар аке, карап турсам бир көлдү ууртап, бир көлгө куясың. Ушул өнөрүңө баракелде» деди.
— Эй, балам ай, карыганча ушул өнөрүмдү бирөө: «Бали! — деп айткан жок
эле. Мен да сага жолдошмун» деп ал да ээрчип алды. Андан жүрүп отуруп Алназар Бакы жер астына түшүп кетти.
Жер астында кетип бара жатса, бир ийин казган чычканды бир күйкө аңдып
калыптыр. Алназар Бакы чырпыктан жаа, чийден ок кылып күйкөнү атып салды.
Чычкан жүгүрүп келип: «Досум, сен жакшылык кылдың, башыңа кыйынчылык түшсө куйкалап койсоң мен даярмын» деп, бир кирпигин жулуп берди.
Андан жөнөп кетип бара жатса, бир жерде жүз кумурсканын бир жагынан өрт
кысып, бир жагынан суу кысып өлө турган болуп жаткан экен. Алназар Бакы
этегин тосуп кумурскаларды өткөрүп жиберди эле, «Башыңа кыйын иш түшсө
куйкалап кой» деп, бирөө бир бутун жулуп берди. Андан ары Айгандын
шаарынын четине барып: «Үчөөбүз бир жерде жата албайбыз. Бири-бирибизге
кабардар бололу» деп, туш-туш жакка тарап кетишти.
Алназар Бакы бир абышка кемпирге бала болду. Антип-минтип абышка
кемпир бала баргандан кийин малданып кетти. Бир күнү Алназар Бакы
чычкандын мурутун куйкалап койду эле, чычкан келип: «Башыңа эмне мүшкүл түштү досум?» деди. «Ушул мен жаткан жерден Айгандын кызы Алтынайдын үйүнөн чыга турган кылып, бир киши баткандай жер алды менен жол казып бер» деди Алназар Бакы. Чычкан: «Жакшы болот, досум» деп, күндөп-түндөп казып, «бүтүрдүм» деп кабар берди.
Алназар Жердин алды менен түн ичинде барып, уктап жаткан Алтынай
сулуунун оң бетинен бир сылап, оң чачынан бир сылап, бир тал чачы жулунуп калды эле, катып алып жүрө берди.
Алтынай кырк кызы менен кошо күндө таразага түшүүчү экен. Эртесинде
таразага түшсө, бир тал чачы жок. Алтынайдын бир тал чачынын оордугунан
кырк кызды оодарып түшүүчү экен. Ал күнү таразага түшсө, Алтынай кырк кызга тең келип калат экен. Алтынай: «Киши ичсе уктабай турган тамак бар бекен?» деп сурады эле, бир кемпир: «Киши ичсе уктабай турган тамак жок. Тырмагыңды таза алып койсоң уктабайсың» деди. Алтынай тырмагын алып отуруп, бир тырмагын таза жулуп коюп, ошол колунан кан чыгып кетсе, чочуган бойдон алиги кемпирди
жүрөккө муштап жиберсе, жүрөгү үзүлүп кетип, өлүп калат. Кыз уктабай карап отурса, алды калдыр-кулдур этет. Карап турса бир жигит чыгып келди, сол бетинен бир өөп, сол чачынан бир сылаарда Алтынай кармай калып: «Сен эмне кылып жүргөн жансың?» деди.
Мен ушундай жер үстүндөгү Жаныбек хан дегендин уулумун. Сиздин
даңкыңызды угуп, атайын келдим эле. Кечээ сизге келип ойгото албай, оң
бетиңизден өөп, оң чачыңыздын бир талын алып кеттим эле» деди Алназар Бакы.
Кыз: «Мен эрге тийбей жерге тиемби? Жер үстүндө Жаныбек хандын баласы
болсоң, мен сага тийбегенде кимге тием? Мени алчу болсоң ата-энеме айт» деди.
Бала үйүнө барып, алиги багып алган атасына: «Айгандын кызы Алтынайга
жуучу бол. Мен Алтынайды аламын» деди. Анда атасы: «Оо кокуй балам, хан
биздин эмнебизди алат, эмнебизге кызыгып берет? Жеке өтүктүү жете албай,
жоор өтүктүү бата албай жүрсө, балам, бизге эмне деп берет» деди. «Сиз жуучу
болуп барбай турган болсоңуз, мен мындан көрө житип жоголом» деди. «Ушул
баламдан оңолдук эле. Таздын көөнү болбосо, таза кыздын көөнү эмеспи
дегендей, баламдын көөнү эмеспи? барсаң боло» деп кемпири абышкага айтты.
«Макул болот» деп, атасы көк өгүзүн минип алып: «Мен элчимин, жуучумун
ханым. Элчиликке өлүм жок, жуучулукка кордук жок, ханым» деп барды. «Эй,
каңгыган абышка, эмне дейт? Өгүзүнүн куйругуна сүйрөтүп кое бергиле!» деди
хан. Абышканы жыга чаап, өгүзүнө артып кое берди. Кемпири көрө коюп: «Кокуй,
уулум, катының менен куруп кал, абышканы өлтүрүп, өгүзүнө артып кое
бериптир» деди.
— Деги эне көөдөнү бүтүн барбы? деди.
— Ооба.
— Эмесе кейибе, — деди да: «Эртең атам куландан соо болуп турсун деп
жатып калды. Эртең менен атасы азанын айтып турду.
— Ата, барасыңбы? деди.
— Эй, балам, барам, деп чал ханды карай жөнөдү.
— Мен элчимин, жуучумун, ханым! Элчиликке өлүм жок, жуучулукка кордук
жок, ханым! — деп жанына барды.

Абышканы өлтүрүп, жилик-жилик кылып, өгүзүнө артып кое бергиле! деди
хан жигиттерине. Абышканы өлтүрүп, жилик-жилик кылып, өгүзүнө артып кое беришти.
Кечинде өгүз дагы келди! Кемпири көрүп: «Айланайын уулум, абышканы
жилик-жилик кылып кое бериптир» деди. «Эй, эне! Иши кылып мүчөсү келсе
болду» деп бала чалдын жилигин эптеп, кийимин жаап коюп: «Эртең менин атам, азанын айтып турсун» деп жатып калды.
Атасы эртең менен азанын айтып турду.
— Эй, ата, ханга барасыңбы? деди баласы.
— Эй, балам, барамын, — деп көк өгүздү минип алып, мурунку айткан сөзүн
айтып дагы барды. «Абышканы өлтүрүп, сөөгүн өрттөп күлүн артып жибергиле» деди хан. Абышканы өлтүрүп сөөгүн өрттөгөнү жатканда Алтынай бир күңүн жумшап: «Томугун алып, ак чүпүрөккө түйүп, өгүздүн куйругуна байлап жибергиле» деди эле, алар томугун алып, ак чүпүрөккө түйүп, өгүздүн куйругуна байлап жиберди.
«Кокуй, уулум, өгүз келе жатат. Абышка жок» деп кемпир дагы чыйпыйы
чыкты. Бала өгүздүн куйругундагы томукту таап алып, кийимин жаап: «Атам
эртең менен азанын айтып турсун» деди. Атасы эртең менен азанын айтып турду. Абышкага баласы: «Дагы барасыңбы?» деди эле, ал: «Барамын» деп жөнөп кетти.
Абышка ханга келип: «Мен элчи жуучумун, ханым. Элчиликке өлүм жок,
жуучулукка кордук жок» деп дагы айтты эле хан: «Бул тегин чал эмес экен го» деп ойлоп: «Сенин эмнеңди жейин, малың жок болсо, төрт-беш мөөрөй кылам. Ушу мөөрөйдү бүтүрсөң ал. Уулуңду кечинде жибер» деди.
Абышка үйүнө келгенден кийин Алназар Бакы жолдоштору менен кечинде
хандыкына келишти.
«Келсеңер тамда эки бакма жолборс бар, ошону сойгула» деди хан.
Алназар жолборстун мурутун куйкалап койду эле, баягы дос болгон жолборс
даяр болду. Ал жолборстун төрөсү экен, сарайга кирип, экөөнүн мойнун сый
тиштеп чыга калды. Алназар Бакы жилик-жилик кылып союп, текче-текчеге
алып коюп, биринин терисин жамынып, биринин терисин салынып жатып алды.
Эртең менен хан ойгонуп туруп: «Эй желдеттер барсыңарбы? Бая жолборстун
үйүн сасытпай баланын өлүгүн сүйрөп таштагыла!» деди. Бир желдет барып: «Эй, таксыр, жолборсту өлтүрүп коюптур» деди. Падыша калп айтты деп ойлоп, жана бир желдетти жиберди эле, ал дагы: «Эй таксыр, айтсам да өлдүм, айтпасам да өлдүм, жолборсту жилик-жилик кылып таштаптыр, биринин терисин жамынып, биринин терисин салынып алыптыр деди.
Эртеси хан жүз теңгени камыштын арасына чачтырып: «Ушу теңгени таап
бер!» деди.
Алназар Бакы баягы кумурсканын бутун куйкалап койду эле, жүз кумурска
даяр болуп тура калды. «Мына бул камыштын арасына хан жүз теңге чачтыртты.
Ошону таап алып чыккыла» деди Алназар Бакы.
Кумурскалар акчаны бир-бирден сүйрөп чыгышты. Санаса бир теңге жок.
Кумурскаларды кайта жабылтты. Кайта жабылтканда караса баягы бир бутун
үзүп берген кумурска сүйрөй албай жүргөн экен. Алназар Бакы хандын акчасын кумурскаларга бүт жыйнаттырып келип берди эле, хан: «Эми эртең менен бир киши чыгарамын, Алназар Бакы бир киши чыгарсын. Экөөнүн колуна эки чайнек беребиз. Алар көз көргүз жерден суу алып келет. Анын кишиси мурун келсе, мөөрөй аныкы» деди.
Алназар Бакы тегирмендин ташын көчүгүнө байлаган кишисин жиберди. Хан
бир киши кошту. Хандын кишиси сууну чөмөрүп алып жолдун как ортосуна чейин
жеткизбей келе жатат. Ошондо берки тегирмен ташты ыргытып жиберип безип жөнөдү. Хандын кишиси чалкасынан кетти, тигил киши кайра барып, сууну алып келгиче, Алназар Бакынын адамы алда качан ханга алып барып берди. «Эми кечинде жолдош-жороң менен ушу тамга кирип отур. Тамдын төбөсүнө жеткиче көмүр төктүрөмүн. Туш-туштан көрүк менен бастырамын. Чыдап бересиңер — деди.
«Көл ууртар, бир-эки көлдү ууртап кел!» деди Алназар Бакы. Хандын вазири
туш-тушунан усталарды жыйнап келип көрүктү бастырды. Темир ысып боз ала болуп, ичиндегилердин демдери кысылып: «Төксөңчү сууну» дей беришти. Улам «төк» деген сайын көл ууртар окшуп келип, «басып тура тургула!» деди. Бирөө:
«Ой бизди күйдүрүп өлтүрөсүңбү? » деп тура калып далыга бир муштады эле, көл ууртардын оозунан суу атып чыгып, хандын шаарынын бир жагын кошо каптап кетти.
Түнүндө Алназар Бакы кызга жүгүрүп келип, «эми эмне мөөрөй кылат?» деп
сурады, эле кыз: «Эртең кемегени казат, бир койду союп туруп, этин казанга
салат. Бир тутам шыбакты колуна берет. Ошону менен «этти бышыр» дейт. Кудай берериңе алса, шыбак эт бышкыча күйүп турат, кудай бербесине алса, дүр этип тамат да, өчүп калат. Кашыктагы кара суудан ууртатып, нике кыйып мени сага алып берет. Тоюң ошо болот» деди.
Эртең менен койду союп, казанды асып, бир тутам шыбакты Алназардын
колуна берди. Алназар Бакы отту жакты. От күйүп, эт бышып жатты. Эт бышкан убакта от өчтү.
Хан бир кашык кара сууга нике кыйып, Алназарга кызын берди. Алназар
кайнатасынын берген дүнүйөсүн үчөөнө бөлүп берип: «Эми жер үстүнө ким
чыгат» дегенде: «Алпкаракуш чыгат» дешти. «Алпкаракуш кайда болот» деди
бала. «Адырда бир булак бар. Ошол булакты өрдөп чыксаң, баш жагында калың терек бар. Алпкаракуш так ошондо» дешти.
Бала эртең менен чыгып жүрүп отуруп, баягы булакка барды. Барса теректин
башында эки балапан: «Жеди эле жеди, жутту эле жутту» дейт.
Караса, тереке бир ажыдаар оролуп чыгып бара жаткан экен. Ошондо Алназар
Алтынайдын алтын шакегин колунан чыгарып алып: «Сен Алтынайдын шакеги болсоң, ушул ажыдаарды мага өлтүрүп бергиң» деп урду эле, шакек бир жагынан тийип, бир жагынан чыгып, ажыдаар бир убакта жерге шалак деп жыгылды.
Алназар кылыч менен ажыдаарды бөлө чаап алып, айбалта менен теректи
тепкичтеп отуруп, башына чыгып барды.
Барса эки балапан «Жутту эле жутту, жеди эле жеди» деп чыңырып жаткан
экен. Алназар: «Силер эмне кылып жаткан жансыңар?» деп сурады. «Биздин
энебиз чабыттап кетти эле. Ажыдаар келип жеймин дегенде, чыңырдык эле»
дешти. Алназар ажыдаардын куйругун эки балапанга бөлүп берип: «Энең кайсы маалда келет?» деп сурады.
— Энем күүгүмдө келет.
— Кандай келет?
— Жолу болгондо, үйдөй таш үдүрөңдөп, койдой таш кодураңдап келет. Жолу
болбогондо, кызыл шамал ышкырык менен, бороон-чапкын менен келет.
Бир убакта балапандардын энеси келет. Келгенде бороон-чапкын менен узун
терекке келип конот. Узун терек чайпалып токтобой, кыска терекке келип конду. «Жылда тууганымда балдарымды ажыдаар жеп кетүүчү эле. Бул маалга калмак эмес эле. Башыма балаа балдарсыңарбы?» деп чыркырады. «Эй, энеке, башыңа балаа эмеспиз. Жаныңа жапаа балдарбыз» деди балдары.
— Жакшылыкты көргөзөлүбү, жамандыкты көргөзөлүбү?
— Эй балам, жамандыкты көргөзчү! дегенде балдары ажыдаардын көкүрөгүн
көрсөттү эле, Алпкаракуш жутуп жиберди.
— Эй балам, эми жакшылыкты көрсөткүлө! дегенде, балдары баланы көрсөттү
эле, аны да жутуп жиберди.
«Кокуй, как баш, сал эле сал, ташта эле ташта!» десе кулгуп коюп таштабайт.
«Кой, как баш, ичинде ирип кетет, ташта эле ташта» дегенде: «Атаа, балдарым,
кое турсаңар болот эле. Баштагысынан эки эсе артык эр кылдым эле. Эми
биртике кое турсаңар, бүткөн боюн чылк темир кылат элем» деди. Жерге таштап жибергенден кийин Алпкаракуш баладан: «Сен эмне кылып жүргөн жансың? деп сурады эле, Алназар Бакы: «Мен үстүндөгү адам элем. Сени жер үстүнө чыгат дегенинен келдим эле» деди. «Эми бүгүн балдарымдын кайгысы менен чабытым аз болуп калды эле. Эртең чабыттап алайын. Бүрсүгүнкүгө кел. Кырк кашык суу, кырк торгой ал», деди. «Бер дегенде бир кашык суу, бир торгойдон берип тур».
Убадалуу күнүндө Алназар Бакы Алтынайды алып келди. Алпкаракуш даяр
болуп турган экен. Алпкаракуш Алназарды үстүнө мингизип алып учуп жөнөдү.
Бер деген жеринен суу берип, эт берип жүрүп отурду. Бир жерге келгенде
Алпкаракуш: «Келе суу?» деди. «Суу түгөнүп калды», «Келе эт?» деди. «Эт түгөнүп калды эле» деди Алназар.
Алы кеткен Алпкаракуш ылдыйлай баштады. Алназар ыйлап туруп ийри
такымынан кесип берди. «Келе суу» деди. Бир көзүн чегип берди. Жер үстүнө
чыкканда Алпкаракуш тамшанып: «Кийинки берген этиң менен сууң аябай
таттуу экен» деди. «Эт түгөнүп эңиштеп баратканда, ийри такымымдан кесип
бердим, суу дегенде көзүмдү чегип бердим» деди Алназар. «Эми далда жердеги
такымың турар деп, — көзүн бүркүпжиберген экен. «Жакшылыкка жакшылык, ал өлгөнчө жакшылык, жамандыкка-жамандык, ал өлгөнчө жамандык» деп, Алпкаракуш коштошуп алып, жерин карай учуп кетти. Алназар Бакы келинчегин ээрчитип алып, жез кемпирди карай жөнөдү. Бир нече күн жол жүрүп, Алназар Бакы бир күнү үшкүрүндү. «Сен эмне үчүн үшкүрүндүң?» деп сурады Алтынай.
«Эми мен сага жок, сен мага жок» деди Алназар Бакы.
— Эмне үчүн биз бири-бирибизден ажырайбыз?
— Бир жез кемпир сага жумшады эле, ошонун күчү менен сага бардым эле.
— Атаганат, аны атамдын төрүндө экенде айтсаңчы! Атамдын Мыка деген
кушу бар эле. Ошону алып келип, көзүн чокутуп өлтүрөт элек. Адамга жай
бербеген желмогуз абышкасынын көзүн чокутуп өлтүрттүм эле. Өчөштүк менен мага жиберген экен. Анын өзү качып кутулуп кетти эле. Эми илгери барсак, бир түптүү көк таш бар. Ошого барганда мен жибектен аркан эшейин, мени ошо ташка бек таңып байлап кой. Анан сен баргын: «Алып келдиңби?» дегенде, «алып келдим» деп айткын. «Кайда?» дегенде, «балан жерде» деп айтарсың. Ошондо жылан болуп мени карай окторулуп сойлоп жөнөр. «Атаңдын көрү, түбү куртка жакшылык кылган оңбосун» дегин. Ошондо «эмне болду» деп кылчайып тура калат. «Менин карыным ач» деп айтсаң, «ме ачкыч, тамакты өзүң барып ич» деп ачкычты ыргытып жиберер. Дарбазаны ачып, коргондун ичине кирсең, төрүндө бир боз там бар. Ичине кирсең, тыягы сандык, быягы сандык, орто жеринде койдой боз сандык. Ошону бат жара теп. Аны жара тепсең ичинде кол башындай сандык бар. Кол башындай сандыкты жара тепсең, ичинде жети кара кучкач жаны бар. Ошолордун башын бат-бат үзүп өлтүр» деди. Алназар жез кемпирге барды. «Алып келдиңби?» — деди.
— Алып келдим, палан жерде турат — деди. Кемпир жылан болуп окторулуп
сойлоп жөнөдү.
— Атаа, деги куртка жакшылык кылган оңбосун. Мен ачып-арып,
жөө-жалаңдап келсем, тамак жөнүн айтпастан кетип баратасың.
— Мына тамакты өзүң алып ич, деп кемпир ачкычты ыргытып жиберди.
Алназар дарбазаны ачып, төрдөгү боз тамга кирип, койдой боз сандыкты жара
тээп, ичиндеги кол башындай сандыкты жара тээп, ичиндеги жети баштуу
кучкачтын башын үзүп, кайта кызды карай жөнөдү.
Кызды карап жүрүп келсе, бута атым жерде ажыдаар жыгылган экен. Кызга
жүгүрүп эси ооп жаткан экен. Кызды таштан чечип, сууга салып эс алдырып,
кемпирдин шаарына келишти. Экөө эзилишип, «бизге оңой менен мындай шаар, мындай дүнүйө табылбайт» деп жатты. Алтынайдын боюна бүтүп, эгиз эркек бала төрөдү. Агасынын атын Асан, инисинин атын Үсөн койду.
Бир күнү каалганы бекитип койсо, бир киши келип, каалганы кагат. Алтынай
нан бышырып, Алназар Бакы үйдө олтурган экен.
Алназар Бакы тура калайын деди эле, зайыбы басып койду. Өзү барып эшик
ачты. Ал киши Алтынайдын сулуулугунан чалкасынан кетти. Алтынай жоолук менен желпип эс алдырып, бир нан берип, кошунуна жиберди. Көрсө, жаңыдан келип конгон кербен экен. Ал кайрылып кошунуна: Эй кербен башы, бир сулуу айым көрдүм. Ошону сага алып берсем мага эмне берер элең? деди.
— Ушу жолго алып чыккан малымдын жартысын берер элем. Айымды мага
кандай кылып алып бересиң?
— Адам өлтүрө турган уу таап бериңиз. Бир аттын жүгүн бериңиз. Калган
айласын өзүм табамын.
Кербендерди жөнөтүп жиберип, алиги кербенчи Алназар үнүн угардай жерге
келип: «Как жүрөгүм, кара боорум» деп чыңырып жатты. Алназар Бакы: «Ушул кудай урганды жөнөтүп жиберейинчи, кишинин кулак-мээсин жеди» деп кербенчинин жанына келип жайын сурады.
— Эй садагаң кетейин. Бир аттын жүгү менен жолдошторум таштап кетти.
Кара боорум, как жүрөгүм ооруйт.
Анда Алназар Бакы мен эле жүктөп берейин деп, бир жаккы жүгүн жөлөтүп
туруп, экинчи жагын жаңы коюп жатканда кербенчи ууну үйлөп жиберди.
Алназар Бакы ошол замат чалкасынан кетти. Аңгыча кыйкырык чуу чыгып,
кербенчилер шаарга кирип келди. Коркуп кеткен Алтынай эки баласын бир
чуңкурга тыга салып, үстүн бир курмушу менен жаба салып, бир карын майды үстүнө таштай салды. Кербенчилер дүнүйөсүн алып, Алтынайды олжо кылып жөнөдү.
Баягы кербенчи Алназар Бакыга ууну чала үйлөгөн экен, эс алып үйүнө келсе,
эч нерсе жок экен. Карап турса, бир чуңкурда кың-кың үн чыгат. Ача салса бир
карын май менен эки баласы. Алназар Бакы баласын көтөрүп алып, мурунку
келген эски жолун карап жөнөдү. Жөнөп кетип бара жатса, алдынан бир өзөн суу жолукту. Улуу баласын жээкке коюп, кичүүсүн көтөрүп алып суудан кечти.
Суунун ортосуна келгенде сыйгаланып, жыгылып сууга түшүп агып кетти.
Жээктеги баласын карышкыр ала качты. Алназар Бакы эки баласынан ажырап аябай ыйлап, тентип жөнөдү.
Ошол учурда бир шаардын ханы өлгөн экен. Хандын эркек баласы
болбогондон кийин керээз калтырыптыр. «Кушумду учургула кимге консо, ошол хан болсун!» дейт. Хандын кушу үч күнгө чейин эч кимге конбойт экен. Үчүнчү күнүндө шаардан чыга учуп баягы Алназар Бакы жаткан терекке конду. Терекке келип кессе, ичинен Алназар Бакы түшүп келди. «Мына хан, мына бек» деп Алназар Бакыны хан көтөрүштү.
Алназар Бакы хан болуп, ит агытып куш салып жатып калды…
Эмки сөз Алтынайдан. Алтынайды кербендер алып баргандан кийин «мен
алам, сен аласың» болуп талашып калышты. Алтынай: «Эй, кербен-башчылар, мен бир ой кылсам, силер көнөсүңөрбү? деди.
— Эй, садага кетейин айым! Сиздин айтканыңызга биз көнбөгөндө эмне
кылабыз?
— Эми көнө турган болсоңор, баарың кийимиңерди чечип, көйнөк дамбалчан
болуп, көйнөгүңөрдүн этегин байлаштырып алып жарышып келгиле, кимиңер мурун келсеңер ошонуңарга тием.
Баары: «Эй таза адилет адам экен да» дешип жарышканы кетишти. Алар
кеткенден кийин Алтынай бир атын минип алып, башка аттарын айдап алып,
баягы шаарга кирип кетти. Калаага барып аттарды жоготуп жаман кийим
кийинип алып, калаанын ичин кыдырып жүрдү.
Баягы карышкыр ала качкан баланы койчу ажыратып, чоңойтуп, кой
кайтартып алат. Берки сууга аккан бала балыкчынын торуна түшүп балыкчы
багып алат. Койчу ажыратып алган бала кой жайып келсе, бир бала суудан балык алып жатат. «А баатыр бир балык берчи?» десе, «эмине деп берем?» деп, балыгын көтөрүп жөнөйт.
— А баатыр токтой турчу, атың ким?
— Атым Үсөн.
— Эмесе менин атым Асан. Экөөбүз Алназар Бакы дегендин баласы экенбиз.
Мени карышкыр ала качып, койчу ажыратып алып, койчунун баласы болуп
жүрөм. Сен сууга агып, балыкчы кармап алып, сен чоочундун баласы болуп
жүрөсүң. Биз минтип жүргөнчө кетели ,— деп апасы кирген калаага кол
кармашып кирип келишет.
Алназар Бакы бир күнү отуруп үшкүрөт. Аялы сураса айтпайт. Анда Алназар
Бакы ит агытып, куш салып кеткенде, зайыбы Куйту күң деген күңүнө «ушул
Алназар Бакыда чоң күйүт бар, ага түспөлдүү бала болсо, же азган-тозгон катын болсо карай жүргүлө» дейт.
«Макул» деп издемек болду. Куйту күң эртесинде калааны кыдырып жүрсө,
Алназар Бакыга окшош эки бала ар кимден нан сурап жүрөт. Куйту күң: «Кимдин балдарысыңар?» деп сурады. «Алназар Бакы дегендин балдарыбыз. Атабыз кайда экенин билбейбиз» деди.
Куйту күң баланы чакырып алып, жакшы кийим кийгизип, үйүнө отургузуп
койду. Алназар Бакы ит агытып, куш салып, үйүнө кечинде келсе, эки баласы
үйүндө олтурат. Алназар Бакы балдарын көрүп бакырып ыйласа, балдары атасын көрүп бакырып ыйлап, кучакташып калды.
Алназар Бакы дагы бир күнү балдарын ээрчитип, ит агытып, куш салып
кыдырып кетти. Нечен күн, нечен түн жүрүп үйүнө келип үшкүрдү. Зайыбы:
«Балдары болсо табылды, эми ушу балдарынын энеси бар го» деп ойлоп, Куйту
күңгө: «Бир азган-тозгон катын болсо карай жүр» деди.
Күң калааны карап жүрсө, бери караса киши көргүдөй эмес, ары караса сөөгү
таза аял чүмкөнүп жүрөт. Күң аны чакырып алып:
— Бери кел, балам, баш карашып алалы, — деди.
— Эне сиздин башыңызды карап берейин. Менин башым таза эле, — деди. Күң
башын каратып атып байкаса, бети жарк-журк этет.
— Сени падышанын катыны ээрчитип кел, кайыр берем деди эле, жүр, — деп
Алтынайды хандын үйүнө алып келет.
Кечинде Алназар Бакы үйүнө келсе, Алтынай үйүндө отурат. Ошентип,
Алназар эли-журту, бала-бакырасы менен жыргап-куунап жатып калган экен.

ЖООДАРБЕШИМ


Илгери-илгери Кебез-Тоонун кең жайлоосунда ажыдаар менен арбашкан,
желмогуз менен кармашкан, ааламдын жүзүн кыдырган Төштүк деген баатыр
болгон экен. Ал сакалы агарып карыганча балалуу болбоптур.
Төштүк: «Ушул дүйнөдөн көзүм өтүп кетсе, ким калкалайт жеримди калың
кыпчак элимди» деп кайгыланып жүргөндө, байбичеси Кенжекенин боюна бүтүп, жолборстун этине талгак болуп, маңдайында калы бар, арстандай жалы бар, күмүш көкүлдүү бала төрөйт экен. Төштүктүн сүйүнүчү койнуна батпай, бүт кыргызды чакырып, тоюна токсон союп, баласынын атын Жоодарбешим коет экен.
Жоодарбешим беш айында каз туруп, алты айында басат экен. Ошондо атасы:
«Балама көз тийип калбасын» деп, Жоодарбешимди тогуз жашар болгончо ээн
жерге бактырат экен.
Жоодарбешим тогуз жашар болгондо атасы эр кийимин кийгизип, Кылкара
деген атын мингизип, жоонун жайын үйрөтө баштайт экен.
Күн өтөт, ай өтөт, жылдар өтөт. Жоодарбешимдин балтыр эти толуп, атасын
тарткан тоодой баатыр болот экен. Бир күнү атасы Жоодарбешимди мергендикке алып чыгып, ак аркар атып, бөкөн кууп жүрүп: «Балам мен сага бир сыр айтайын»
дейт экен. Жоодарбешим: «Ал эмне сыр? Айткын ата»,— десе, Төштүк: «Ушул
жерден жүрүп отуруп, жүрүп отуруп нечен дайра, нечен көлдөн өтүп, бир алтын булакка келесиң. Ошол алтын булактан алтын баштуу Ак аркар суу ичет. Мен дагы атайын издеп барып Ак аркарды кармай албай келгем. Ошол Ак аркарды атып келип берсең, бул дүйнөдө ыраазымын» дейт экен.
Ошондо Жоодарбешим: «Ай жылдан жол бассам да, сага Ак аркарды алып
келип беремин» деп, үйүнө келип, жолго даярдана баштайт.
Энеси Кенжеке: «Быйылча токтой туруп, келерки жылы бар. Алыскы жолго
аттана турган убагың боло элек» десе, Жоодарбешим: «Мен ит көйнөгүм мойнума иле түшкөн баламын. Мен аруу тонум жонума кие түшкөн баламын. Мен атам алп Төштүктүн казабына калбаймын» деп болбой коет.
Ошондо Кенжеке көл башындай ак баштыкты уулуна берип:
— Балам, ушул жерден күн чыгышты көздөй жүрүп отурсаң, жүрүп отурсаң,
Оң оюл деген жер келет, он периште тең келет. Андан кантип өтөсүң? — деди.
— Анын онун он жерге чаап таштайм — деди Жоодарбешим.
— «Андан эптеп өтөм» деди Жоодарбешим.
Кайгылуу деген жер келет, Кырк жарактуу тең келет. Мындан кантип өтөсүң
балам? — деди энеси.
— Анын кыркын кырк жерге кыйрата чабамын. Андан эптеп өтөмүн энеке, —
деди Жоодарбешим.
— Эчен дайра суу келет, эчен кабат тоо келет, чытырман токой чер келет,
андан кантип өтөсүң? — деди энеси.
— Аны бир чагым кууну коюп өтөмүн — деди Жоодарбешим.
— Балам, андан ары сен барсаң, тогуз жолдун тоому бар. Андан ары сен
барсаң, бир боз дөбө турат. Ошого барсаң, таятаңдын боз ордосу бар. Алачыктай кызыл кемпир жаткан кулунду тургузуп, турган кулунду жаткызып, сейилдик кылып турат. Кызыл тору келин бээ саап, кызыл тору жаш жигит, кулун салып турат. Таенең: — «Балам, сен кимдин баласысың, бат айтчы» деп сурайт. Анда:
«Суусап келген балага, суусун берип туруп кеп сурагың де. Бир чоң кесе кымыз
берет. Ошону ичкенден кийин: «Мен Кенжекенин ботосу, Төштүктүн баласы
Жоодарбешиммин де. Анда үчөө басып жатып калат. Токмок жалдуу боз айгырды минип жигит сүйүнчүгө чабат. Орусканды ээрчитип жигит келет. Айтылуу Алтын-Булактагы Ак аркарга аттанып бара жатканыңды айткын. Ошондо таятаң:
«Төштүк дагы курусун, Кенжеке дагы курусун, балага кийим камдабайт,
жарак-жабдык, ээр токум камдабайт» деп, жоого кийчү жарак-жабдык, ээр берет. Ал ээрди албагын. Атамда капталы алтын, кашы күмүш, Төштүк мага күйөөлөп барганда, сурап калган ээр бар, ошону сурасаң бербейт. Өзүң кирип эле: «Өзүмдүн ээримди өзүмдөн аяйсыңбы? » деп алып чыгып аны токуп ал. Эми сени Кылкарага тапшырдым, Кылкара экөөңдү бир кудайга тапшырдым» деп Кенжеке оң батасын берип, Жоодарбешимди оң жолго салып жиберди.
Жоодарбешим жүрүп отуруп, жүрүп отуруп, баягы энеси айткан эчен дайра
суу, эчен кабат тоону ашып, Боз-Дөбө деген жерге келет. Келсе, баягы Кенжеке
айткан кемпир жаткан кулунду тургузуп, турган кулунду жаткызып, сейилдик
кылып турат. Кызыл тору келин бээ саап, кызыл тору жаш жигит кулун салып
турат. Жоодарбешимдин ким экенин билгенден кийин баягы кызыл тору жаш
жигит Орусканга сүйүнчүгө чапты. Таятасы келип Жоодарбешимди басып
жыгылат.
Жай сурашып далай отургандан кийин, Жоодарбешим айтылуу
Алтын-Булакка бара жатканын айтат.
Ошондо Орускандын кемпири көзүнүн жашын көл кылып; «Ээ абышка,
Төштүк менен Кенжеке курусун, ушундай дагы жибереби, же жоого жарай турган жарак жабдыгы жок, же ээри жок? деди.
Эми Орускан кишилерин жиберип, акбула алдырды. Уз кыздардан,
келиндерден алып келип, акбуланы эритип алды.
Мергенчилерин «Тоо текенин мүйүзүн алып келгиле» деп буюрду. Ошентип
Орускан мергенчилерге тоо текенин мүйүзүн алдырып келип чеберлерин бүт
жыйнап, алтын жаак, сыр жебе жасатты.
Алтымыш текемин терисин малмага малдырып, кандагай жасатты. Алты
аяктуу ала атын токуп, Жоодарбешимди мингизип: «Эми балам сен калкагардын как ыргайын алып кел» деп жумшады. Бала баягы жерге барып, атка артынып алып келди. Баягыны уста ийрип, ак олпок жасады. Жоодарбешимдин бардык жарак-жабдыгы бүттү.
Ошондо Орускан жети аяктуу жээрде атты токутуп: «Эми балам, жолуң
шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун!» деп батасын берди. Анда Жоодарбешим:
«Таята, Төштүк атам энеме күйөөлөп келгенде, сага капталы алтын, кашы күмүш ээр берген экен. Ошо ээриңдин күчүн берип тур» деди эле, таятасы берген жок.
Жоодарбешим: «Өз ээримди өзүмөн аяйсыңбы?» деп үйдөн алып чыгып
Кылкарага токуп алды.
Желенин башындагы Кылкаранын башына жүгөн салганда кунан болду,
жонуна тердик салганда, бышты болду Кылкара, куюшкан салганда куру ат
болду. Олоң тартканда опол тоодой ат болду.
Чыбаш баскан куйругу
Жан жибектей созулду.
Чүрүшүп калган туягы
Айтабактай жазылды.
Кемпир-чал балага оң батасын берип узатып чыгышты. Балдар жарлап карап
турушту. Баланын карааны жоголгондо, үйгө киришти.
Ошентип жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир жерге келгенде, Кылкара бугудай
мойнун буруп, Жоодарбешимге кайрылып:
Эрдигиң бар эсиң жок,
Эчтеке менен ишиң жок.
Энөө баатыр экенсиң
Мен билгенди билдиңби,
Мен туйганды туйдуңбу?
деди анда Жоодарбешим: «Мен эчтекени билген жокмун, батыраак айтчы
Кылкарам!» деди.
Кылкара: «Кайнардын Кара-Көлүнө ара күндүк жол калды. Ошол жерде
жандан ашкан Жанаалы деген дөө бар. Анын Куу кулан деген аты, куу жебе деген жаасы бар. Ал аңгыча канды өлтүрүп, Аксаамай деген кызын тартып алган. Ошол Аксаамай сени түшүндө көрүп, сүйүп калган экен. «Эми Жоодарым келет» деп сени күтүп жүргөн кези. Жанаалы дөөнү өлтүрсөң, сага кудай бергени. Аны өлтүрө албасаң, сен үйүңдү көрбөйсүң, мен үйрүмдү көрбөймүн» деди…
Андан ары аттанып жүрүп отуруп, жүрүп отуруп Жоодарбешим баягы
Жанаалынын айлына жакындап калган кези экен. Ошондо Жанаалы аялына:
«Куюккан кула талаада карга десем, кагындай кагын десем, каакымдай канаттуу десем, аяктуудай бир нерсе көрүнөт» деди. Аңгыча Жоодарбешим да жетип келди. Жоодарбешим Жанаалы менен бир нече күн бир нече түн күрөшүп, дөөнүн башын кыя чапты. Аксаамайды өзү никелеп алып, андан ары Ак аркардын сары изине түшүп, саргара кууп жөнөйт.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир жерге келгенде Кылкара: Ак аркар булак
суулап, күмүш күнгөй оттоп, Чаар-Арчанын башында жатат. Бутуңду чечип,
байпакчан болуп жанына өңүп бар! Менин ооздугумду чыгарып отко кое бер,
суулугумду чыгарып сууга кое бер!» деди. Жоодарбешим шашып Кылкараны кесе байлап, кең тушап салат.
Ал Чаар-Арчанын башына келип, шыкаалап туруп жааны чоюп бир кезде
тартып жиберди эле, аркардын башын жаа үзүп кетет. Аркардын башын алып,
Кылкарага жакындап келгенде, асмандан бир кара неме Жоодарбешимди эңип кетет. Көрсө бул Жоодарга ашык болуп жүргөн Нуркандын кызы Нурпери экен. Нурпери Жоодарды үйүнө алып барып, жатып калат.
Күндөн күн өтөт, айдан ай өтөт. Ошентип жыл маалы болгондо бир күнү
Нурпери: «Жоодарбешим, сенин бир күйүмдүү нерсең бар беле, ошонун
периштеси келип, мени тебелеп жаман кылды» дейт.
Ошондо Жоодарбешимдин эсине Кылкара түшөт да:
Алаканын шак коюп,
Артын жерге так коюп,
Өкүргөндөн бакырып,
Өрүктүн башын жапырып,
Ичкен тамагын кайта кусуп, бүк түшүп жатып калат. Нурпери: «Эми сен,
Кылкараны алып кел!» деп, Жоодарбешимди Кылкарага жиберет. Жоодарбешим
келсе, баягы атынын ордуна бир тери жатат. Көрсө, Кылкара ошол экен.
Өлбөс-өлбөс жаны бар экен. Кылкара Жоодарбешимди таанып:
Айтсам тилим албаган
Аңкоого башым не коштум.
Сүйлөсөм тилим албаган,
Шүмшүккө башым не коштум?
«Ооздугумду чыгарып, эми мени отко коё бер! Суулугумду чыгарып сууга коё
бер» деди.
Жоодарбешим Кылкаранын ээрин алганда териси куюшкан менен кошо кетет.
Ошондо Кылкара: Эми мен үч жыл оттоюн, үч жылсыз келбе» деп, Жоодарбешимди кайра Нурпериге жиберет. Жоодарбешим Нуркандын элинде дагы үч жыл жашайт. Бир күнү Нуркан кызына чоң той берип, аткармакчы болот да, отуз күнү ойнотту, тогуз күнү тойлотту. Ошондо Кылкара өзү келет.
Нуркан алтын өргөө, ар шайманды элүү төөгө жүктөтүп, алтын жамбы, ак
күмүштү атан төөгө арттырып Асмайыл жана Ысмайыл деген эки жигитти кошуп, Нурпери менен Жоодарбешимди жөнөтөт.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп Жыламыштын тоосуна келгенде Нурпери менен
Жоодарбешим эс алмак болушуп, ак өргөө көтөрүшөт. Ак өргөө көтөртүп, алты
күн конгондон кийин бир күнү Жоодарбешим менен Нурпери сейилдеп токойго чыгып кетишет. Алар токойдо жүргөндө баягы Асмайыл менен Ысмайыл:
«Экөөбүз уу коргошундан өлбөгөндөй жеп алып, ооруп калдык деп жатып
калалык. Жоодарбешим менен Нурпери кандай дары берсе да, «Эски оорубуз
кармап калды. Биз айыксак Гүлгаакынын гүлүнөн гана айыгабыз» деп жата
берели. Ит Ичпестин көлүнө барган киши келчү эмес. Жоодарбешим барса
келбейт. Ошентип Нурпери бизге калат» деп акылдашышат.
Жоодарбешим менен Нурпери келсе, Асмайыл менен Ысмайыл ооруп онтолоп
чыдай албай жатат. «Эмне болдуңар» десе: «Биздин эски оорубуз кармап
калыптыр. Эч кандай дары жардам бербейт. Бир жардам болсо, Гүлгаакынын гүлү дары болот» деп ого бетер онтолошот.
Ошондо Жоодарбешим Кылкараны токунуп, Кынсыз кылыч байланып алтын
жаак сыр жебени акырекке илип Гүлгаакынын гүлүнө жөнөйт.
Жоодарбешим эчен белес тоо, эчки жүрбөс зоо, адам зат келип көрбөс жер
менен жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир эле жер жайнаган мыкка жолугат. Андан Кылкара бутун мыкка тийгизбей өтүп кетет.
Жоодарбешим жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир желмогуз кемпирге жолугат.
Ал: «Жут ийрегим, жут карт ийрегим, карт» деп Жоодарбешимди жутканда
кекиртегине токтоп калат. Ошондо кемпир: «Сен кекиртегиме токтоп калдың,
менин бир жакынымсың го» деп сурады эле, Жоодарбешим: «Мен Төштүктүн
баласы, Кенжекенин ботосумун» деди. Кемпир: «Кенжеке менен мен карын бөлө элем» деп кайта кусуп алды. «Гүлгаакынын гүлүнө бара жаткандардын жолун тоскон элем. Ушуга чейин эч кимди өткөргөн эмесмин. Ал жерге барган кайтпайт.
Менин тилим алсаң кайт!» дейт. Жоодарбешим болбой жөнөп кетет.
Жоодарбешимдин кеткенине кыйла күн болгондо, Асмайыл менен Ысмайыл
Нурпериге «сени алабыз» дешет. Ошондо Нурпери: «Мен экөөңө тең тиймек
белем, бириңди бириң өлтүр, тирүү калганыңа тием, сен мынабу кудукка түшүп жуун! Сен тарт дегенде тартып алам» деди.
Ысмайыл сууга киргенде Нурпери көтөрмөнү кыркып жиберип, Ысмайылды
өлтүрөт.
Эми сөздү баягы Кылкарадан баштайлы. Бир күнү Кылкара: «Эми
Гүлгаакынын гүлүнө жакын келдик. Эртең түшкө жакын жетебиз. Гүлгаакынын үч кызы бар, алар көлгө түшүп тамаша кылышат. Сууга түшөөрдө кептерин алып коюшат. Ошол учурда мен кырк канатымды жайып боз коёндой жапыз болуп, аткан октой жетем, сен боз карчыгадан илгир болуп кептерин иле көр! Сен жөнөгөндө төөдөй таш төкүрөңдөп, уйдай таш утураңдап, жылкыдай таш жылмаңдап, койдой таш кодураңдап, куушат. Кызыл жалын өрт да кууйт, ошондо артыңа караба! Атаң Төштүк да «кайрыл балам, кайрыл» дейт, мен канатымды жайып качам, энең таятаң — баары «кайрыл!» дейт. Ошондо да караба. Ак көгүчкөн учуп алдыңа чыгып, колдорун маңдайыңа тийгизет, шерт ошол, ошондо гана токто, көгүчкөндүн кебин бер. Алар кебин кийип, гүлдү алып келип берет!» дейт.
Жоодарбешим жүрүп отуруп, жүрүп отуруп эртеси түшкө жакын баягы
Кылкара айткан жерге келет. Келсе, Гүлгаакынын үч кызы кийимдерин чечип
коюп, сууга түшүп жатышыптыр. Кылкара коендой жапыз болуп Жоодарбешим боз карчыгадан илгир болуп, кыздардын киймин илип жөнөдү. Жоодарбешимди уйдай таш утураңдап, койдой таш кодураңдап кууйт. Жоодарбешим эч кайрылбайт. Ак көгүчкөн учуп алдына чыгып, колдорун маңдайына тийгизгенде гана Жоодарбешим токтоп, көгүчкөндүн кебин берет. Алар кебин кийип алып, баягы гүлдү Жоодарбешимге алып келип беришет. Гүлгаакынын гүлү кышында соолубас, жыты аңкыган, көркү адамды таң калтырган гүл экен.
Жоодарбешим, Гүлгаакынын гүлүн алып келсе, баягы эки жигит жок. «Булар
кайда кетишкен?» деп сураса, Нурпери:
Асмайыл менен Ысмайыл,
Адамдан ашкан куу экен.
Акылын эч ким билбеген.
Ашып түшкөн шум экен.
Асмайыл менен Ысмайыл,
Кыял менен ооруптур,
Көңүлүн тетир буруптур,
Көрүнөө амал кылыптыр.
Ит Ичпестин көлүнө барган кайра келбесин билип, сени жиберишкен экен»
деп болгон окуяны айтып берет.
Ошондо айлап, жылдап жүрүп отуруп Жоодарбешим Нурпери менен
ата-энесине келсе, Чоюндун уулу Темир алп чоң бүлүктү салып айлын чаап,
атасын орго салып койгон экен.
Жоодарбешим Темир алп менен бир нече күн, бир нече түн кармашып, акыры
жеңет.
Ошентип, Жоодарбешим элине хан болуп, ата-энеси, аялы менен жыргап
жатып калган экен.

ТӨШТҮК


Илгери-илгери, кыргыз элинин кыпчак уруусунан Элеман аттуу адам болуп, ал Опол тоо жакты жердеген экен. Өзү аябаган бай экен, төрт тарабы шай экен, тогуз уулу бар экен. Айдан-ай, жылдан-жыл өтөт, а-бу дегиче Элемандын тогуз уулу бой тартып, эрезеге жетет. Ошондо «Уул үйлөндүрмөк парс, кыз узатмак карыз» деген эмеспи деп Элеман алты кулач ала атын минип, алты жылдык күл азык алып, тогуз кыздуу киши таап, тогуз уулун үйлөндүрмөк болуп, кыз издеп жолго чыгат.
Элеман төгөрөктүн төрт бурчун айлана кыдырып, эже-сиңдилүү тогуз кыз
таппай, айласы кетет. Акыры арып-ачып, чаалыгып-чарчап, аты ыргайдай, өзү
торгойдой болгондо Орускан аттуу хандын шаарына кез келип, конок айттырып, анын үйүнө келип түшөт. Элеман илинип турган сегиз сөйкөнү көрүп, «аттиң ай» деп бармагын тиштейт. Кайра ойлонуп үйдүн ичин тегерете караса, жүктүн бурчунда жалгыз сөйкө илинип турат. Аны көрө сала «бырс» этип күлүп жиберет.
Элеманды байкап турган Орускандын алачыктай байбичеси «аягымдан кир,
ашымдан кыл таптыңбы, эмне күлдүң?» деп сурады эле, анда бай: «Ээ байбиче
күлдү деп айып этпе, издегеним ушул үйдөн табылды. Менин да тогуз уулум бар, бир кишинин тогуз кызы болсо алып берейин деп издеп жүргөм. Сегиз сөйкөнү көрүп, бирин таба албай капаланып отурдум эле, дагы бир сөйкөнү көрүп, ошого кубанып күлдүм. Сегиз кызыңызга сегиз уулум, балдарымдын кенжеси, Төштүк касиеттүү кул эле, ага кичүү кызыңызды баш байлайын» — деди.
Куш салып кеткен Орускан кечинде үйүнө келип, Элеман байды жакшылап
конок кылды. Элеман бай ага жөн-жайын түшүндүрүп, «менин тогуз уулум бар, тогуз кызыңызга куда түшөйүн» — деди. Анда Орускан — «Элеман, куда болоруң чын болсо, кудалыкка жарагын, жай жайлоочу жайымды, кыш кыштоочу кыштоомду малга толтур. Эшигимдин алдына эки чынар терек орнот, бири күмүш, бири алтын болсун, биринин булбулу экинчисине сайрап учуп конуп турсун. Андан башка эшигимдин алдына бир май көл, бир сүт көл орнот. Биринин чабагы экинчисине секирип ыргып түшүп турсун. Ушуну аткарсаң, тогуз кызымды тогуз уулуңа беремин» — деди.
Бул калыңды угуп, Элеман бай алдырап: «Балдарыма кеңешейин, ошондон
кийин жооп берейин», — деп, үйүн көздөй жөнөдү. Балдарына барып,
Орускандын жөнүн айтты. Элемандын балдары «малды го эптеп табабыз, май
көл, сүт көл, чынар теректи кантип орнотобуз? Булбулду кантип табабыз?» —
дешип, таң болуп отурушту. Ошондо Төштүк «баарын мен табам, бул оңой эле иш.
Жылкы атасы Боз айгыр менен жылкы энеси Боз Бээни Орускандын өрүшүнө
алып барып союп, каны менен жинин чачып ийсеңер, айтканынын баары
орундалат» — деди.
Төштүктүн сөзү менен Элемандын балдары касиеттүү айгыр менен бээни
алып, түн ичинде Орускандын өрүшүнө союп, Төштүктүн айтканындай кылып канын чачып кайтышты. Орускан эртең менен турса айтканынын баары орундалып, ой да, тоо да малга толуп, май көл, сүт көл орноп, алардын балыктары биринен-бирине секирип түшүп турат. Чынар терек асман тиреп, булбулдары сайрап жатат.
Элеман бай кабар алууга келди. Айтканынын баары орундап, көңүлү
жайланган Орускан: «Элеман бай, эми коюңду союп, келиндериңди алып кет»
деди. Элеман бай тогуздап мал союп, Ала-Тоодой эт кылып, Ала-Көлдөй чык
кылып, чоң той берип, ач-арыктарды тоюнтту, тойго келген балдар торпокко
жүктөп эт алды, эл арасында «Элемандын тоюндай» деп кеп калды.
Ошондо Элемандын эр Төштүгү тойго келбей үйүндө калыптыр. Ошондон
улам кыргыз элинде «Төштүкчө катынды үйүндө алабы?» деген лакап айтылып, калган экен. Кырк күн дегенде тойдун тамашасы бүтөт. Эртеси Элеман сегиз келинин көчүрүп жөнөйт. Ал эми сегиз кыздын кенжеси, бир кудайдын эркеси, Кенжеке атасына алаамат салды. Чаар ингенге себимди артпай, Чалкуйрукту алдыма минбей, Куйту күңдү жаныма албай, ок өтпөгөн Кыл торко тонду, Көк жеке өтүктү кийбей атамдын байлыгын, мартабасын эл билбей, үйдөн чыкпаймын деп бүк түшүп ыйлап, көчтү токтотуп, өргөөсүнүн түндүгүн тартпай жатып калды. Орускан ары чалып кепке салды, бери чалып кепке салды. Акыры аялына мындай деп акыл салды: «Барып кызыңды көндүр, мени элге күлкү кылбай тезирээк аттансын. Кыз бала душман дегени чын белем, жылкымдын атасы — Чалкуйрук, төөмдүн куту — Чаар инген, аларды коюп, калган малымдан канча кааласа алсын. Жоого аттансам, жолдош болор, көзүм өтсө, атадан балага калар мурас, Кыл торко менен Көк жекени таштап, жети кабат казынамдан каалаган буюмун алсын, душманчылыгын көрсөтпөсүн» деди. Энеси барып кызына атасынын сөзүн айтты эле, Кенжеке ыйлап туруп: «Атам мени эрге берген жок, шорго берди. Төштүк менен жети күнү жолдош болбой, жети жылга айрылып, жети жылы жесир отурам. Ошондо Төштүккө адамдан эстүү Чал куйрук арка болор деп суратып жатам» деди. Орускан муну угуп, кызымдын сураганы жөн экен, ыйлаганы эп экен деп, тогуз кыздын кенжеси Кенжекеге ок жетпеген,
кырк эки жандуу Чалкуйрук атты мингизип, Чаар ингенге жүк артып, Кер
байталга мингизип, Куйту күндү көч менен кошо жөнөтөт. Көч узай бергенде
Элеман Төштүк берип жиберген болот өгөөнү кичи келинине тапшырды. Ал өгөө жөнөкөй өгөө эмес, касиеттүү өгөө эле. Төштүк төрөлгөндө энесинин курсагынан кошо түшкөн болучу. Кенжеке аны бек катып алды. Ошентип көч жүрүп отуруп бир суунун жээгине келет. Ал күнү суунун жээгине тогуз өргөө тигип, өр алышат да, эртеси андан ары жол тартышат. Ошондо сөөлөт менен көчүп келаткан ‘көч алдынан Түштүктү көрүп, ага ашык болуп калган перинин кызы Бектору тосуп чыгып, Кенжекеге тийиштик кылат:
— Минген атың Чалкуйрук,
Маарек болсун, кут болсун, Кенже!
Жетелеген Чаар инген,
Маарек болсун, кут болсун!
Ээрчиткениң Куйту күң,
Маарек болсун, кут болсун!
Үстүңдөгү Кыл торко,
Маарек болсун, кут болсун!
Бутуңдагы Көк жеке,
Маарек болсун, кут болсун!
Кошулганың алп Төштүк,
Маарек болсун, кут болсун!
Бекторунун күнүлүгү бар экенин аяр катын Кенжеке алдын ала билчү экен,
ошондо ачуусу келип:
— Минген атым Чалкуйрук,
Атакем берди, мен миндим.
Сеникин тартып алдымбы, долу?
Жетелеген Чаар инген,
Атакем берди мен алдым,
Сеникин тартып алдымбы, долу?
Ээрчиткеним Куйту күң,
Энекем берди мен алдым,
Сеникин тартып алдымбы, долу?
Үстүмдөгү Кыл торко,
Энекем берди мен алдым,
Сеникин тартып алдымбы, долу?
Бутумдагы Көк жөкө.
Энекем берди мен алдым,
Сеникин тартып алдымбы, долу? —
деп кагып салып бастырып кетет.
Көч жүрүп отуруп, намаздигер ченде бир чоң сууга келип жетет. Элеман:
«Жүктү түшүрүп, өргөө көтөргүлө», — деп буюрат. Кенжекенин чый-пыйы
чыгып: «Атакеме айт, ушул жерден өтүп барып өрүш алсын» деп киши жиберет.
Элеман: «Келбей жатып, кепке-сөзгө аралашканын кара» деп болбой коет.
Кенжеке көзүнөн жашын чубуртуп, бирок айласы канча, алеки саатта өз өргөөсүн тиге салып, түтүн булатат. Элеман: «кап ушул келинде бир касиет бар көрүнөт, сөзүн угуп койсом да болмок экен. Эми болору болду» деп коюп, жатып калат.
Элеман эртеси эрте туруп, аттарды сугарып турса, сууда бир өпкө агып келе
жатат. Өпкөнү укурук менен сайгыласа, токтобойт, түшө калып колу менен
кармаса, өпкө жети баштуу желмогуз кемпир болуп абышканы көтөрүп уруп,
көөдөнүнө минип алып желе баштайт. Ошондо Элеман кемпирге жалынып:
«Үңкүр толгон пулум бар, короо толгон коюм бар, өрүш толгон жылкым бар,
жайыт толгон төөм менен уюм бар, баарын сага берейин, жанымды кой» деп
жалынат.
— Сен ошондо үңкүр толгон пулуң, короо толгон коюң, өрүш толгон жылкың
меники эмей кимдики —
деп ыгырып-ыгырып алганда чалдын оозунан буудак-буудак кан чыкты.
Элемандан ал кетти: — «Көчүрүп келе жаткан тогуз келиним бар, баарын
берейин, жанымды кой» деди. Кемпир ага дагы болбоду эле, Элеман «сегиз уулум бар, баарын берейин, жанымды кой!» деди. Кемпир ага дагы болбой
ыгырып-ыгырып алды. Ошондо Элеман ыйлап туруп мындай деди:
Тогуз уулдун кенжеси,
Бир кудайдын пендеси
Төштүгүмдү берейин.
Жез кемпир Элеманды кое берип: «Бая эле ошентпейсиңби, Төштүктү мага
кандайча кылып бересиң?» деди. Элеман: «Төштүк төрөлгөндө өзү менен бирге
энесинин курсагынан түшкөн болот өгөө бар, эртең көч жөнөгөндө өгөөнү түп
тулганын түбүнө сайып кетем. Аны издеп Төштүк келет, ошондо кармап ал» деди.
Көч жөнөрдө Элеман Кенжекеден: Жүгөнүмдүн кадаасы чыгып кетиптир,
кадап алайын, өгөөнү алып бер» деди. Кенжеке бери карап күлүп, ары карап
ыйлап туруп, өгөөнү алып берди. Аңгыча көчдүн алды узай берди. Кенжеке кете албай кылчактап; «Өгөө бошосо сандыкка салайын» деп сурады эле, Элеман: «Азыр бошой элек, бастыра бер деп койду. Кенжеке Чаар ингенди оодара жүктөп, оңдогон болуп тулганын түбүндөгү өгөөнү алсам деп аттанбады. Аны кайнатасы байкай коюп: «Келбей келин баштарбы, жер ыраак жете конобуз, бастыргыла» деди. Кенжеке кайнатасынын сөзүнө ызаа болуп: «Жетимиштеги атасынын жаны аялуу болсо, мейличи» деп чү коюп бастырып кете берет экен.
Көч жүрүп отуруп, эл четине жакындап калганда Төштүк көчтүн алдынан
тосуп чыкты эле, Кенжеке:
— Кызыл куурай кыякчы,
Кыяктын үнүн укпаймын,
Кыйкаңдатпай оолак тарт, Төштүк!
Чогоно куурай чоорчу,
Чооруңдун үнүн укпаймын,
Чойкоңдотпой оолак тарт, Төштүк!
Атакемдин төрүндө, Төштүк!
Энекемдин колунда, Төштүк!
Же шыбыраша сүйлөшүп, Төштүк!
Же шыңкылдашып күлүшүп, Төштүк,
Сенин эч урматың көрбөдүм, Төштүк! —
деп буркурап-боздоп ыйлап, Төштүктү жанына чеңдетпей койду. Кенжеке айлына барып үйүн тикти. Төштүк үйүнө кирсе да даарытпады. Буга ал капаланып: «Атам бир долуну мага алып келген экен» деп, желенин жанына барып жатып алат.
Эртеси Элеман чоң той берип, Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык кылды. Тойго
кырк уруу журттан эл чакырылды. Ошентип, той аяктап, жети күн өтүп,
сегизинчи күнгө аяк басканда гана Кенжеке долу жибип, Төштүктү кепке-сөзгө
алып:
— Алтымышта атакең жаны аялуу,
Алдейлеген алп Төштүк,
Сенин жаның аёсуз,
Жетимиште атакең жаны аялуу,
Жетилип келген алп Төштүк
Сенин жаның аёсуз, —
деп көчкөн журттагы тулганын түбүндө калган болот өгөөнүн жайын айтты.
Эртеси Кенжеке Төштүккө: «Өгөөгө минип бара турган атыңды алып кел!» деди.
Төштүк жайытка барып алты аяктуу ала атты алып келди эле, Кенжеке атты
көрүп:
— Карган бээнин баласы,
Картасы кыска мал экен,
Алты күнү жол жүрсө
Ичи катчу неме экен.
Бул жорго жарабайт, дагы башка атың болсо алып кел дейт. Төштүк жайытка
барып, аяктуу жердени алып келди эле, ал да Кенжекеге жакпады:
— Жети аяктуу жээрде,
Байтал бээнин баласы,
Маңдайы жука мал экен,
Жети күнү жол жүрсө
Жеттигип калчу неме экен.
Эки-үч таң ашканга туруштук бере албайт. Дагы башка атың барбы?» дейт.
Төштүк «жок» дейт. Анда Кенжеке:
— Катындын аты дебесең,
Чалкуйрукту мин, Төштүк!
Катындын тону дебесең,
Кыл торкону кий Төштүк!
Катындыкы дебесең,
Көк жекени кий Төштүк! —
дегенде Төштүк макул болду. Ошентип, Кенжеке Төштүккө ок жетпеген
Чалкуйрукту токуп мингизип, ок өтпөгөн Кыл торко тонду жана Көк жекени
кийгизип: «Эрдигиң бар, эсиң жок Төштүк, элирип кете көрбөгүң, адамдан эстүү Чалкуйрук адашсаң оңго салар, алдансаң жөнгө салар. Аттын сөзү дебестен, айтканына көнө көр. Сени Чалкуйрукка тапшырдым. Чалкуйрукту кудайга тапшырдым» деп батасын берип буркурап ыйлап кала берди.
Төштүк Чалкуйрукту минип, журтта калган өгөөнү көздөй жөнөдү. Ана-мына
дегиче, ачып-көздү жумгуча, журтка жакындап калды. Ошондо адамдан эстүү
Чалкуйрук адамча сүйлөп:
«Түп тулганын түбүндө бир кемпир ийик ийрип отурат. Мен ооз жарма
үйрөнбөгөн тай болоюн, сен алты жашар бала болгун. Желмогуз кемпирге
барганда, «Ассалоом алейкум, эне киши!» де, кемпир: «Алейкима салам, алеки
бала киши. Ата балам, саламың болбосо саргартар элем» дейт. «Атаа, эне алигиң болбосо алсыратар элем» деп сен айт. «Энеке мына бул өгөөнү алып берчи, мингеним ооз жарма ылоо тай эле түшсөм аттана албайм, аттансам түшө албайм» де. Кемпир: «Олтурсам туралбаган, турсам отура албаган бир кемпир элем, өзүң түшүп ала кой» дейт. Ошондо мен боз коёндой жапыз болоюн, сен боз куштан илгир бол, кемпирдин жети башын ыргыта чаап, өгөөнү илип алсаң, бизге кудай бергени, ала албасаң бизди кудай урганы, Чалкуйрук үйрүн, сен үйүңдү көрбөйсүң» дейт.
Төштүк кемпирдин жанына барып айтышып туруп, алты башын кылыч менен кыя чапты. Кемпир качып берди. Төштүк артынан кубалап калды. Аттын туягынын дабышынан тоо жарылып, көл болду. Тоодой таштар үбөлөнүп, кумга айланды, аңгыча кара жер как жарылып кемпир жер астына кирип кетти. Төштүк кууп артынан кошо кирди. Көрсө, желмогуз кемпирдин Төштүккө келишинин себеби мындай экен. Жер алдындагы Урумкандын Узун чач аттуу кызы жер үстүндөгү тогуз уулдун кенжеси, Элемандын эркеси Төштүккө ашык болуп калат да: «Төштүктү азгырып алып кел» деп, Жети баштуу желмогуз кемпирди жиберген экен.
Төштүк жер алдын кыдырып жүрүп отурса, тээ алыстан бир тоо көрүнөт.
Жакын бастырып барса, тоо эмес, дөө көрүнөт. Көрсө ал Урумкандын Ак тулпар деген аты, алты баштуу Айкулак аттуу алпы экен. Төштүк жер алдына түшүптүр деген кабарды угуп, «аны менен кармашам» деп, анын жолун тосуп, күтүп жаткан экен. Аңгыча Айкулак алп: «Катындын атын минген, катындын тонун кийген,Төштүк сага жол болсун? Айкулак аттуу алпты уккан жок белең. Алың болсо, алышка түш, күчүң болсо күрөшкө түш» деп айкырат. Ошентип экөө ат үстүндө жети күн, жети түн кармашты. Аттары чарчап, жүрбөй калды. Атчан эч алыша албай, жөө күрөшкө түшүштү: Алышканы айры кезең, сүрүшкөнү сүйрү кезең болуп, тополоң болуп тоо көчтү, мунар болуп боз түштү. Акыры Төштүк Айкулакты көтөрүп ыргытып, алачыктай ак таш менен башын жанчып өлтүрмөк болгондо Айкулак жалынып: «Төштүк мени кыйнабай өлтүр, батегимдин алдында, көк желкенин үстүндө алты бүктөлүп ак албарсым бар, ошону бек көтөрүп, аста таштап башымды ал» дейт. Чалкуйрук «Сабыр кыл баатыр» дегиче Төштүк ач албарстыны алып катуу шилтеп калды эле, алптын башын алып, ач албарс жер алдына түшүп кетти.
Төштүк Айкулакты өлтүрүп, андан ары кетип бара жатса, жолдон бир адам
жаасын чоюп асманды карап турат. Төштүк келип, тигинин жөн-жайын сурады эле, ал: «Көзгө атар Маамыт деген менмин. Жер үстүнөн Элеман байдын эр Төштүк азып, чарчап келатат дегенди угуп, аны жети жылы туу калган казды атып конок кылайын деген элем, мени жаздырып коё жаздадың» дейт. АндаТөштүк: «Ошол сен күткөн Элемандын Төштүгү менмин» дейт. Ал жерден тиги киши асмандагы жети жылы туу калган казды атып түшүрүп, конок кылат.
Төштүк көзгө атар Маамыт менен достошуп, андан ары жөнөп кетип бара жатса,алдынан бир жейренди кубалаган адам чыгат. Ал жейренге жете келип, башынан секирип кетет да, кайта кубалап калат. Төштүк бул эмнеси деп таң калып, жанына келип: «Сен эмне кылып жүргөн адамсың?» деп алигинин жайын сурады. Анда тиги жейрен кубалаган киши: «Жейрен секиртпес Маамыт деген менмин, жер үстүнөн Элеман байдын эр Төштүгү келатат дегенинен аны конок кылайын деп, күтүп жаттым эле» деп жейренди союп, Төштүк менен достошот.
Төштүк андан жөнөп бара жатса, бир дайраны бир ууртап алып кургак жерге
төгүп коюп, бир адам жолдо отурат. Төштүк: «Сен эмне болгон адамсың?» дейт.
Анда тиги адам: «Аты арып, өзү суусап, жер үстүнөн Төштүк келатат дегенинен таза суу даярдап, күтүп отурдум эле, көл ууртар Маамыт мен болом» дейт. Төштүк көл ууртар Маамыт менен достошуп андан ары жөнөдү.
Кетип бара жатса, бир дарыянын боюндагы Чынар терекке оролушуп бир
ажыдаар теректин башына чыгып бара жатат. Төштүк теректин башын карап,
чыпылдап турган Алпкаракуштун эки балапанын көрөт да, ажыдаарды атып
өлтүрөт. Ажыдаарды бөлө-бөлө чаап, аны көтөргөн бойдон уяга чыгып барса,
Алпкаракуштун балдары сүйүнүп тосуп алышты да, мындай дешти:
«Энебиз келер маалга жакын калды. Сени катып коёлу, ачуусу таркагандан
кийин көрсөтөбүз». Ошентип балапандар ажыдаар менен Төштүктү канатынын алдына катып, коёт. Бир мезгилде күн бүркөлүп катуу шамал болуп, мөндүр төгүп өтөт. Аңгыча бир чоң кара неме чынар теректин башына келип конду эле, теректин башы үч жолу жерге тийип, үч жолу асманга көтөрүлүп барып ордуна келди. Көрсө Алп каракуш учуп келген экен, төгүлгөн мөндүр анын көзүнүн жашы экен, Алпкаракуш балдарын көрүп, алардын аман калганына сүйүнүп: «Ээ балдарым, кандайча ажыдаардан аман калдыңар?» деп сурады. Балапандар: «Эне, жакшылыкты мурун көрсөтөлүбү, же жамандыкты мурун көрсөтөлүбү?» дешти.
Алпкаракуш: «Жакшылык кылганга башым токмок, каруум казык, болгуча
жакшылык кылам. Элден мурун жамандык кылганды көрсөткүлө» деди.
Балапандар ажыдаарды көрсөттү эле, Алпкаракуш аны ап эттирип жутуп
жиберип: «Эми жакшылыкты көрсөткүлө» деди. Төштүктү көрсөткөндө аны да
жутуп жиберет. Балапандардын чыйпыйы чыгып: «Өлгөн жаныбызды тиргизген, өчкөн отубузду тамызган кишини кайра кус» деп ыйлап энесинин тамагын тыткылап жиберишет. Алпкаракуш өкүнүп: «Атаа, балдарым ай, баштагыдан да эр болот эле, ок өтпөс, кылыч кеспес кылат элем, кичине коё турбай» деп кайра кусканда Төштүк баштагыдан да нурдуу болуп түшөт. Ошондо Алпкаракуш жүнүнөн бир тал жулуп берип: «Башыңа кыйын иш түшсө ушул бир тал жүндү түтөт, мен даяр боломун» деди.
Төштүк андан ары жөнөп отурса, бир ак жолборсту бир кара кулак кабылан
шер такымдап кууп келе жатат. Төштүк далдааланып туруп «качканды атпай,
кууганды атайын» деп кара кулак кабыланды атып жиберди эле, ал кулап түштү.
Аңгыча качкан жолборс жүгүрүп келип: «Досум, Төштүк жакшылыккажакшылык, жардамым тиер, качан башыңа кыйын иш түшсө, түтөтсөң, мен даяр болом» деп мурутунан бир кыл жулуп берди.
Төштүк андан ары жөнөп отурса, алдынан калың токой чер кезигет. Черди
аралап бара жатса, аюунун үч баласы кыңылдайт. Төштүк караса буттарына
чөнөр кирип, ириңдеп кетиптир. Аны алып таштады эле, жандары жай алып
калды. Эне аюу Төштүк менен достошуп, «Башыңа кыйынчылык келсе, муну
түтөт, ошо замат мен даяр болом» деп бир мурутун жулуп берди.
Төштүк андан жөнөп олтуруп, Урумкандын шаарына барат, ханга жуучу
салып: «Узун чачын мага берсин» деп ай1*?ырат. Анда Урумкан «Мен Төштүктөн мал албайм, мөөрөй коем, ошого жараса берем. Биринчиси — менин жолборсума жолборс таап келип күрөштүрсүн» деди. Төштүк баягы кылды түтөттү эле, жолборс досу дароо даяр болду. Ачыккан жапайы жолборс Урумкандын тоодогу жылкыларын тоодон кырды, ойдогу жылкыларын ойдон кырды. Андан эки жолборсту күрөштүрдү эле, Төштүктүн жапайы жолборсу хандын бакма жолборсунун мойнун сый тиштеп салды.
Анда У р у м к а н: «Экинчи мөөрөйдүн шарты — бул. Менин бир илбирсим бар, ошого илбирс таап келип күрөштүр» деди. Төштүк баягы кылды түтөттү эле, илбирс досу дароо даяр болду. Ачыккан илбирс койчубу, Урумкандын ойдогу койлорун ойдон, тоодогу койлорун тоодон кырып хандын бакма илбирсинин мойнун сый тиштеп, кете берди.
У р у м к а н: «Үчүнчү мөөрөй бакма карышкырым бар, карышкыр таап келип,
кармаштыр» деди. Төштүк баягы карышкыр досу берген кылды түтөттү эле,
карышкыр досу даяр болду. Урумкандын калган каткан койлорун кырып,
беттештиргенде бакма карышкырдын мойнун сый тиштеп баса берди.
У р у м к а н: «Төртүнчү мөөрөй, бакма аюум бар, аюу алып келип кармаштыр,
төйдун эти бышкандай тоодой отун жый» деди. Төштүк кылды түтөттү эле, досу отуз аюуну айдап, аюуларга отунду жүктөй келди. Жапайы аюу Урумкандын аюусунун мойнун сый тиштеп өлүм кылды.
У р у м к а н: «Бешинчи мөөрөй, Ит ичпестин Ала-Көлүнүн түбүндө кырк
кулактуу миз казан бар, ошону алып кел, эт салып бышырабыз деди. Төштүк
көлдүн боюна барып чечинип» казанды алып чыгам деп, түшмөк болду эле,
адамдан эстүү Чалкуйрук күйүп күл болду:
Эрдигиң бар, эсиң жок,
Эчтеке менен ишиң жок.
Ит Ичпестин Ала-Көлү оңой жоо эмес, көлгө мен түшөм жети күнү күт. Жети
күн дегенде көлдүн үстүнөн ак көбүк оргуштап чыкса, кудай бизге бергени, ,
Чалкуйрук көлгө кирип кетти. Ал көл жээгинде жети күн күттү. Жети күн дегенде көлдүн үстүнөн кан көбүк толкуп чыкканда Төштүк коркуп:
Ит Ичпестин Ала-Көл,
Аталуу көлүм сен болсоң,
Айтылуу Төштүк мен болсом,
Жолоочунун жалгыз атын бер деймин,
Жалгыз атын бербесең,
Айры кетмен албасам,
Алты арыкка бурбасам,
Төштүк атым курусун
Жебелүү кетмен албасам,
Жети арыкка бурбасам,
Төштүк атым курусун,
Эгерде ага болбосоң,
Айры кетмен аламын,
Алты арыкка бурамын,
Жебелүү кетмен аламын,
Жети арыкка бурамын,
Түбүң менен соолтуп,
Түгөл чалчык кыламын.
Көл ууртар Маамытка ууртатып, кургак жерге куйдуруп, түбүң менен соолтуп,
ак чопо кылам деп, жерди тепкилеп турду дейт. Ошондо көл — көл башы менен эси чыгып толкуганда казандын бир кулагы көрүндү. Төштүк ачуусу менен алып ыргытканда Урумкандын шаарынын бир бөлүгүн суу басып, бир бөлүгүн казан басты. Муну көрүп Урумкандын эси чыгып: «Балам Төштүк, мөөрөй сеники казаныңды ал» деди. Төштүк казанды алып, кайта көлгө ыргытып жиберди.
Ошол кезде Чалкуйрук көлдөн чыгып келип:
«Эрдигиң бар эсиң жок,
Эчтеме менен ишиң жок
Айтсам тилим албаган,
Аңкоого башым не коштум.
Кырк эки жаным бар эле, жети эле жаным калды, чымчып чөп бербей кочуштап суу бербей, казан менен алек болгонуң кандай?» деп таарынды. Төштүк аттын сөзүнө жыгылыштуу болуп, жетелеп тойгузуп, жейрендей секирип калганда Урумкандын шаарына алып барды.
«Урумкан: Алтынчы мөөрөй эми күрөш болот» деди. Урумкан өзү балбанга
чыгып, Төштүктөн жыгылып калды.
Урумкан: «Жетинчи мөөрөй, эми ат чабылат» деди. Төштүк Чалкуйрукту
Жейрен секиртпес Маамытка мингизип чаптырды. Баягы желмогуз кемпир жети күнчүлүк жерге ат айдап, болжогон жерге келгенде» аттар сууганча жатып эс алып алалы» деп, Маамытты алдап уктатып коюп, «чу» коюп кете берет. Кемпир кара санын камчылап бир күнчүлүк жолго барганда Чалкуйрук жерди чапчып Маамытты араң ойготот. Ал тура калса, Урумкандын аты эчак кеткен. Маамыт шашып-бушуп Чалкуйрукту көтөрүп алып чуркап, кемпир тууга жакындаганда алдыга чыгып барат экен.
Урумкан: «Сегизинчи мөөрөй, эми жамбы атыш» деди. Жамбыны көзгө атар
Маамыт атып түшүрдү.
Урумкан: «Тогузунчу мөөрөй, жер дөңгөчүм бар, ошону мүйүз саптуу шырыган
кийиз балта менен жара чап» деди. Төштүк: «Эмне арга кылам?» деп, алапайын таппай, айласы кетип Узун чачка Маамыттын бирөөн жиберди эле, Узун чач колундагы алтын шакегин чыгарып берип: «Үстүртөн теңиримдин, астыртан ата-энемдин деми, колуктум Узун чачтын деми» деп жазбай чапса, тең жарылат деп айтып жиберди. Төштүк алтын шакекти оозуна салып туруп, кыздын айткандарын айтып, мүйүз саптуу шырыган кийиз балта менен дөңгөчтү чапты эле эки бөлүнүп жатып калды.
Баардык мөөрөйдөн жеңилген соң, Урумкан: «Эми мөөрөй бүттү колуктуңду
ал» деп, Узун чачты Төштүккө нике кыйып алып берип жер үстүнө жөнөмөк
болду. Той да бүттү, кыз-күйөөнүн аттанаар маалы жакындады. Ошондо Урумкан Төштүккө: «Эми жер үстүнө кантип чыгасың?» деди. Төштүк Алпкаракуштун жүнүн түтөттү эле: «Ээ досум, башыңа не иш түштү?» деп Алпкаракуш дароо даяр болду.
Төштүк досуна иштин жайын баяндап, «эми мени жер үстүнө чыгар» деди.
Алпкаракуш макул болуп: «Мага кырк маралдын эти керек, кырк чака суу керек» деди. Көзгө атар Маамыт, Жейрен секиртпес Маамыт, көл ууртар Маамыт үчөө бир заматта кырк маралдын этин даяр кылышты. Урумкандын Узун чач кызы,
Чалкуйрук, Төштүк Алпкаракуштун үстүнө отурду. Алпкаракуш алты күндө
айланып жер үстүнө чыкты дейт. «Качан башыңа иш түшсө, мен даяр болом» деп, кайра тартты.
Ошентип, Төштүк жол тарта берсин, эмки сөз Чоюн кулак алп жөнүндө болсун.
Жер үстүндө киндиги темир, тырмагы жез, Чоюн кулак деген аттуу алп жашаган
экен. Ал адам аттууга тынчтык бербей кордук көрсөткөндөн кийин, бүткүл адам баласы чогулуп кармап келип, терең орго салыптыр. Чоюн кулак Төштүктүн дабышын угуп, «мени чыгарып ал» деп жалынып-жалбарат. Төштүктөн аялы:
«Ушуну чыгарба, акыр түбү өзүңө зыян кылат» деди эле: «Мунун колунан эмне
жамандык келет» деп, Төштүк ордон чыгарып алды. Ал дароо тоого чыгып, тоо
кийигин кырып, шиш кебектеп бүт жеди. Ойго түшүп ой кийигин шиш кебектеп бүт жеди. Тоо суусу менен оозун чайкады, дайра суусун соолто соруп, суусунун кандырды. Ошентип Чоюн кулак алп Төштүктүн атын токуп, отунун алып, отун жагып бир топко жүрүп калды.
Бир күнү Төштүк адетинче Чоюн кулакка: «Чалкуйрукту току» деди. Анда
Чоюн кулак: «Төштүктүн атын Чоюн кулак токуйбу, Чоюн кулактын атын Төштүк токуйбу?» деп, Төштүк менен кармаша кетет. Экөөнүн алышкан жери айры кезең болду, сүрүшкөн жери сүйрү кезең болду. Акыры Төштүк көтөрүп уруп, башын таш менен жанча турган болгондо Чоюн кулак: «Мен каруу-күчүм барбы? деп сизге эркеледим эле өлтүрбөңүз» деп жалынып жалбарганынан аны өлтүрбөй коё берди.
Чоюн кулак дагы бир топко Төштүктүн атын токуп жүрүп калды. Ошол арада
ой кийигин ойдон кырып, кыр кийигин кырдан кырып, дагы бир топко тамакка бордонду. Күндөрдүн күнү Төштүк «ат току» деди эле, Чоюн кулак: «Катындын атын минген кул, катындын тонун кийген кул» деп атын токубады. Экөө дагы кармаша кетти, кармаш бир аптага созулду. Төштүктүн алы кетип алдырап, шайы кетип шалдырап турду. Акыркы баардык күчүн жыйнап туруп, таш менен башын талкалап өлтүрдү да, андан ары жол тартты.
Төштүк ыкчамдай бастырып жүрүп олтурса бир төө качып келе жатат. Төө
Төштүктүн жанына келип ботолоп жиберет. Төштүк төөгө айланчыктап туруп
калды эле, артынан бир кызыл тору келинчек жете келди. Келиндин жөн-жайын сурады, келин: «Ушул ингендин ботолобогонуна быйыл жети жыл болду эле, кудайдын буйругу менен бүгүн ботолоп отурат. Жети жыл мурун желмогуз азгырып жер алдына түшүп кеткен Төштүгүмдүн келерине жакын калганбы, же өлөрүнө жакын калганбы, сизге жол болсун, жолоочум, кайдан келе жатасың?»дейт. Төштүк «жер астынан чыктым» деди эле, келин: «Жер алдынан чыксаңыз, жети жыл мурун кеткен Төштүгүмдү көрдүңбү?» деп сурады. Анда Төштүк сынамак болуп: «Өзүм көргөнүм жок, бирок Урумкандын шаарында уй кайтарып жүрөт деп укканым бар эле» деди.
Келин: «Жолоочум, бул сөзүңдү адам угар кеп эмес, Төштүгүм оңой эр эмес, уй
кайтарса, башка киши кайтаргандыр, менин Төштүгүм уй кайтарбайт:
Чаалыган боз ат болбосо,
Чалкуйругум дээр элем,
Агала сакал болбосоң,
Алп Төштүгүм дээр элем.
деп тайлакты өңөрүп, төөнү жетелеп алып, Кенжеке үйүн көздөй кетмек болду.
Келин менен кошо Төштүк да жөнөдү. «Үйүңөр кайсы?» деди эле, жепирейген
сегиз чоң алачыкты көрсөттү. Төштүк барып, «атамдын үйү го деп болжолдоп,
жепирейген кара алачыкка түшүп калды».
Кечинде Кенжеке Чаар ингенди саап, бир казан ууз бышырды да бардык
кишиге бир аяктан берип:
«Төштүктүн арбагына да бир аяк ууз атап койгулачы» деди. Кайын атасы:
«Кайдагы устуканы упат, сөөгү сөпөт болгон Төштүккө ата дейсиң» деп,
жактырбай койду. Анда Төштүк: «Ээ ата, Төштүгүңдүн кандай белгиси бар эле?» деп сурады. Абышка: «Баламдын эки далысынын ортосунда алакандын отундай кызыл меңи бар эле» деди. «Анда ошол Төштүгүң мен болом!» дегенде сегиз агасы, сегиз жеңеси, абышка кемпир баарысы Төштүктү басып жыгылып калды. Аңгыча Кенжекеге толгоо кирди. Жети күн дегенде эркек бала төрөдү. Мал союп, той берип, баланын атын Жоодарбешим койду. Төштүк азып-тонгон кыпчак элин жыйнап, үзүлгөнүн улап, бузулганын курап, жатып калды.