Лифт

Токто десең – «куп» деген,
Эшик ачып «чык» деген.
Кабаттардан кабатка,
Күнү-түнү талыкпай,
Бир заматта «лып» деген.
Киши ташып жүздөгөн.
Бийик-бийик үйлерде,
Сонун экен лифт деген.

Т. Самудинов

Интернет жонундо ыр

Кыдырамын күнүгө,
Булуң-бурчун дүйнөнүн.
Балдар менен достошом,
Бирок өзүм үйдөмүн.
Бардык жерден заматта,
Жаңылыкты угамын.
Жер тыңшаган Маамыттай,
Бирок үйде турамын.
Калдынарбы кызыгып,
Мунун сырын билсем деп.
Техника заманбап,
Анын аты Интернет.

Ы. Кадыров