ЧООРЧУ БАЛА

Созу. обону М. Касейдики

Ободо чоорчу жаш бала,
Обон созсо чоорунда.
Ойдо, тоодо жаңырат,
Обончу бала колунда.

Созсо бала чоорунда
Сонун бир обон угулат.
Ала-Тоо ичин аралай,
Ал чоор (а) үнү кубулат.

Байыркы аспап чоорунда,
Бала тартса каныгып.
Күнү (да) бүгүн угулат.
Күүсү (бир) чоордун жаңырып.

КОМУЗЧУ

Созу: Б. Абакировдуку
Обону: К. Молдобасановдуку

Ой комузчу, комузчу,
Чертип койчу комузду.
Жерде эмес көктөсүң.
Жандап кыздар кетпесин.
Таншытчы бир комузуң,
Таптап коюп тепкесин.

Ниязаалы сайраткан,
Боз торгойдой айдаткан.
«Сары барпы» күүнү черт,
Тыңша булбул чарбактан.
«Сары барпы» күүнү черт,
Тыңша булбул чарбактан.

ЧҮКӨ


Чүкө атабыз күзүндө
Кең жаканын түзүндө.
Баштыкка жык толтуруп
Койгут, эңке саканы
Балдар жыргап ойношот.
Ала-Тоодо жаканы,
Балдар жыргап жатканда
Ата, энебиз чыгарат,
Көңүлдөгү капаны.

КЫРМЫЧЫК

Чоң казандын кырмычык,
Тоё жедим тырмышып,
Кичине казан кырмычык
Кырып Жедим тырмышып.

ЖҮН ТАПТЫМ


Жүгүрүп-жүгүрүп жүн таптым,
Жүн астынан тарак таптым.
Тарагымды таттыга бердим.
Таттым боз козусун берди.
Конокко сойдум.
Конок камчысын берди.
Каз урдум.
Каз канатын берди.
Көлгө салдым.
Көл көбүгүн берди.
Ак уюма бердим.
Аяк-аяк сүтүн берди.
Көк уюма бердим.
Көнөк-көнөк сүтүн берди

КОЁН ТОМУК ТУТУУ

Баатыр болсом маңдайыман чык,
Чечен болсоң таңдайыман чык.
Чебер болсоң колуман чык,
Көрөгөн болсоң көзгө чык.
Басаган болсоң таманыма чык.
Коендун томугун балдар жутушуп, ал томук дененин бир жеринен теринин
алдынан томпойуп чыгат, ал чыккан жерге карай адамдын жөндөмү билинет.
Коен томук адамдын жөндөмүн кууйт дегенге ишенген.

ТАК ТЕКЕ


Так теке, ай,
Так теке, ай
Муундарың бош теке ай,
Мүйүздөрүң кош теке ай,
Туяктарың шалактайт.
Кулактарың шалактайт.
Бул ыр ооз комуз менен коштолуп, ооз комузга уланган жибек жипти
чыпалак менен серпип, жасалган текечерчени ойнотуп кыздар ырдаган,

ТАШ МЕЛЖӨӨ

(Таш урганда, урган ташка айтат).
Какты көр, Караны көр,
Как жүрөктүн башын көр.
Олокой, солокой,
Оңго тий, солго тий,
Как жүрөктүн башына тий.

ЧИКИЛДЕК ОЮНУ


Чикилдектен жеңилгенде, чикилдектин бир жабым узундугунан болбосо үч
чабым узундугунан жеңилген бала өтө ылдам төмөнкү ырды ырдап келет:
Акбай, Токбай,
Уяттары жок бай.
Катуу жорго кашка тай,
Кадик болгон башка тай.
Катуу чапса чарчаган,
Жеткирбегин башкага.
Үстүндөгү жаш бала,
Уруп кетип аркага,
Чабалекей чам-чум.

Ак терек, көк терек

Ак терек, көк терек,
Бизден сизге ким керек
— Жепирейген Жээнбек,
Жетип келсин тезирээк.
— Ак терек, көк терек,
Бизден сизге ким керек,
— Элден эл жагаар,
Бизден сизге ким жагаар.
— Тойго минген тору аттай,
Топчуланган маанаттай.
Кызыл бешмант кыз керек.
Жайлоодон түшкөн тору аттай
Жайдары сулуу сымбаттуу
Жашыл чапан кыз керек.

МАНЖАЛАР КЕҢЕШИ

Бармак: _— Ууру кылбайлыбы?
Сөөмөй: — Кылса кылалы.
Ортон: — Кудайдан кантебиз.
Аты жок: — Кудай келгиче.
Чыпалак: — Кууруп-сууруп жутуп ийебиз.
Мында, бармак — Уурулук кылбайлыбы деген кеңешти баштаган үчүн
күнөөсү көп болуп, кыска болуп калган экен. Ортоң: — Кудайдан кантебиз деп
ыйбаа кылгандыгы үчүн күнөөсү жеңил болуп, узун болгон экен. Башка манжалар
да өздөрүнүн күнөөсүнө карай, узун кыска болуп, беш манжа бирдей болбой
калган имиш.
Баш бармак,
Бадал иймек,
Ортон оймок,
Оюу чиймек.
Кичинекей бөпөлөй

ЧЫМЧЫКЕЙ

Арпа куур, буудай куур,
Ток талкан, ток талкан,
Бул жериңде ак бит,
Бул жериңде көк бит,
Бул жериңде түлкү,
Бул жериңде күлкү. (кытыгылайт).
— Чымчыкей,
— Чийдин башына конду,
— Өгөй энем сойдукей,
Боор этиме тойдукей.