ЧАЛАЙГА


Чалай, чалай чалдырак,
Казанга жапкан калдырак.
Аны алып жеп койгун,
Эрмат чалай чалдырак.

КАЧАНААККА


Кетсең кетсең кете бер,
Керме тоого жете бер.
Балаңдын атын Мамай кой,
Башын отко кактай кой.
Майы чыкса жалай кой.

СОРГОККО


Кардын ачса кака же,
Кабыргалуу бака
Тойбой калсаң бакага,
Тоңуп калган така же.
Олөң-өлөң өлөң же,
Өлөң чөптүн көтүн же,
Бүрсүгүнү буудай же,
Буурул чөптүн көтүн же.
Соңгу күнү сомо же,
Соргок болуп көбүн же

УУРУУГА


Ууруу. УУРУУ
Уйдун богун жууру.
Тамекенин ачыгы
Таңдай байдын күчүгү
Күч-күч, күч-күч.