АКЫЙНЕК


1-кыз: Акыйнек ырын ырдашуу,
Абалтан кыргыз салты экен,
Акыйнек ырын улантуу,
Атабыз кыргыз наркы экен!
2-кыз: Ыр ырдашып, сындашуу,
Ыр жандуу кыргыз салты экен,
Сынга сындай жооп айтсак,
Атабыз кыргыз наркы экен!
1-кыз: Сени атаң эртелеп,
Бел куда болгон белендеп,
Жашың келди он үчкө
Сени келин кылып алууга
Кайнатаң той кыламын деп жүрөт.
2-кыз: Сени болсо бел куда,
Болгон экен бешикте,
Он төрткө жашың толо элек,
Үй күтөр кезиң боло элек,
Жакында сенин да тоюң келет деп жүрөт.
www.bizdin.kg
1-кыз: Сени болсо топ кыздар,
Кийимин чактап кие албас,
Кийсе да тыкан жүрө албас,
Бээ сааганда этегин,
Чарпый баса отурган,
Чалма этек кыз деп жүрөт.
2-кыз: Сени болсо көп кыздар,
Кийимин таза кие албас,
Кийсе да таза жүрө албас,
Көйнөгүнүн көкүрөгүнө сүт тамган,
Дак болсо да көйнөгү,
Тазалап, жууп албаган,
Тазалыкка сараң кыз деп жүрөт.
1-кыз: Сени болсо теңтуштар,
Ийри колго иш албас,
Жалкоо кыз экен деп жүрөт.
Келечек жолун байкабас,
Аңкоо кыз экен деп жүрөт.
2-кыз: Сени болсо жеңелер,
Жеңил кыз экен деп жүрөт,
Жеңенин сыйын биле албас,
Жеңени сыйлап жүрө албас,
Көзүнчө мактап бийкеч деп,
Жеңелериң артыңдан,
Биздин кыз жеңил ойлуу деп күлөт.
1-кыз: Сени болсо көп кыздар,
Уйкучу кыз деп жүрөт,
Уй сааганда үргүлөп,
Сүтүн төгөт деп күлөт.
2-кыз: Сени болсо айылда,
Кой келгенде короого
Чачын жууйт деп жүрөт.
Үй оокатка кош көңүл,
Жалкоо кыз экен деп күлөт.

АКЫЙ


Менин энем сурасаң,
Сыр аякка бал куйган,
Сенин энең сурасам,
Ит аякка кан куйган,
Илме тиккен мен энем,
Илелеген сен энең,
Күрмө тиккен мен энем,
Карын жыйган сен энең.
Менин атам сурасаң,
Арчалыга жайлаган,
Сенин атаң сурасам,
Арпа ташып куураган,
Менин атам сурасаң,
Сулулуга жайлаган
Сенин атаң сурасам,
Соку жанчып куураган,
Сайма сайган мен энем,
Самсаалаган, сен энең,
Илме тиккен мен энем,
Илелеген сен энең.
Улуу тоонун боорунан
Улар аткан мен атам,
Улуу кызын ыйлатып,
Үйдө жаткан сен атаң,
Кичи тоонун боорунан
Кийик аткан мен атам,
Кичи кызын ыйлатып,
Үйдө жаткан сенин атаң,
Менин атам сурасаң,
Жабыгынан ай чыккан,
Жалпы атасы бай чыккан,
Сенин атаң сурасам,
Жабыгынан май чыккан,
Жалпы атасы кул чыккан,
Менин атам сурасаң,
Башайы менен бел бууган,
www.bizdin.kg
Манас менен тең тууган,
Сенин атаң сурасам,
Курмушу менен бел бууган,
Кулдар менен тең тууган.
Менин атам сурасаң,
Ала кийиз жазданган,
Сенин атаң сурасам,
Алдырган бука баштанган.
Менин атам сурасаң,
Үрө кийиз жазданган.
Сенин атаң сурасам
Өлгөн бука баштанган.
Менин атам сурасаң,
Укурук алып жылкы айдайт,
Сенин атаң сурасам,
Куургуч алып уй айдайт.
Чериктердин кыздары,
Чепкен бычкан турбайбы?
Челек-челек жарманы,
Кептеп ичкен турбайбы,
Күйөөсү келет дегенде,
Үй ордундай жерге,
Ойноп чыгат турбайбы?