Жерге бекем түптөдүм,
Кийиз менен каптадым.


Сурнай тартып ыр ырдап,
Жердин гүлүн теребиз.
Сонун-сонун таштарды
Издеп таап келебиз.
Катар-катар тизилип,
Гимнастика ойнойбуз.
Шайырлыкка берилип
Өзөн сууну бойлойбуз.
Жүргүлө балдар, жүргүлө
Жер кыдырып көрөбүз.
Ар бир ишке машыгып,
Чыйрак болсун денебиз.
Орундатпай койбойлу
Ойлоп турган талапты.
Самаганды үйрөтөт,
Заманыбыз жарашты.


Күмүш менин тарагым
Курбу-курдаш кыздар ай.
Тарагымды карагын
Күмүш тарак колумда
Күндө чачым тараймын
Күзгүнү бетке кармаймын.
Күзгүдөн көрөм өзүмдү
Ырдайм ырдуу сөзүмдү.

Төрт бир тууган,
Бир калпак кийген.
Ат сыяктуу,
Адамдар минген.

Төрт буттун бирдей болуп аралыгы,
Бирок баспайт,
Таягычы бар эч ким таппайт.

Өзү төрт аяк
Үстүгө чабаты жаят.

Караңгы үйдө карды жарык кемпир отурат.

Узуң-узун учкулук,
Узун дайра кечкилик
Жылаңаяк баскылык
Алтын менен ачкылык.

Төрдө төрт адам отурат төрөмүн деп,
Эшикте эки адам отурат өлөмүн деп,
Капталында бир адам отурат аларды көрөмүн деп.

Оттогу олойман,
Суудагы сулайман,
Казандагы калайман.

От ичинде олоймон, отту чымчыйт
Суу ичинде сулайман, шардан ыргыйт.

Отту оролой чапкан Байбарак баатыр.

Өзүн жайнаткан,
Бекем байлаткан.
Шиштен башканы минбейт,
Короого чыкса бийлейт.

Кичинекей сары кыз,
Дүнүйөгө дары кыз.

Жетимиш жети буту бар,
Бир башы бар.

Биз ям-биз ям, биз эдек
Биз ям сиздей кыз эдек
Белибизди байлады
Бизди «кудай» айдады.

үйдө жетим бала бар,
Белинде жети белбагы бар.

Эшиктин алдында бели байлануу кул жатат.

Ар кайсы үйдө белбоо байланып кемпир жатат.

Кашкардан келген ак тайлак,
Мууздаса кан чыкпайт.

Күндүз тизип койдум,
Түндө бузуп койдум.

Күндүзү перидей,
Түндөсү жиндей.

Эртең туруп керилет
Кеч туруп жыгылат

Түндө түздөй,
Күндүзү кыздай.

Күндүз кысыр,
Түндө бооз.

Күндүз иззатта,
Түндө кызматта.

Күндүз бий,
Түндө кул.

Чалкаман жатам
Илевинен тартам.

Кечеси жазылат,
Күндүзү жыйылат.

Жыйсам жеңдей,
Жайсам көлдөй.

Тамдын ичин ким көрсө,
Капкалдыктуу килемче.
Бардык үйдө ушу бар
Боорунда тамдын килемче.

Курап-сурап тон кылдым,
Кулундуу бээге бергисиз.

Буу-буу мундуз,
Мындан ары кундуз,
Ала кийик териси,
Алты кочкор мүйүзү,
Сокур кара буурасы,
Бучук кана энеси.

Үйгө чыккан гүлкайыр,
Жайы-кышы соолубайт.
Тепсесе да бул гүлдү,
Үй ээси такыр корубайт.

Муун-муун мундуз,
Мындан ары жылдыз.
Абай кийик териси,
Алты кочкор мүйүзү,
Бул эмине болучу?

Көйнөктү күндө сылайт түптүз кылып,
Жүрөгү көөдөнүндө ысып туруп.

Узун-узун упарым,
Учундагы жыпарым.

Каралыгы кара сайдын ташындай,
Катуулугу как атаңдын башындай.

үй баш сайын боз бала,
Иштеген иши көп гана,
Тагыраак айтсак жарабайт,
Тазалыктан башкага.

үй баш сайын таза бала.

Караңгы токойду,
Желмогуз тырмалайт.

Ар жумада иши бар,
Алтымыш эки тиши бар.

Эл уктаса да, Эсенкул чунак уктабайт.

Өзү тегерек, адамга өтө керек.

Колу жок уруп турат,
Буту жок, жүрүп турат.

Дүйнөгө бүтүптүр бир тегирмен,
Күн менен бирдей жүргөн.
Ичинде кылдан ичке жиби бар,
Капырай кандай уста муну ийген.

Бу дүйнөдө чыгыптыр бир тегирмен,
Күн менен бирдей жүргөн.
Ортосунда кара бир немеси бар, кылдан ичке,
Ай жапырым, колуң сыңгыр ким ийирген.

Бир эненин он эки уулу бар балбан,
Бири бир чапканча экинчиси алтымыш чапкан.

Бир үйдө күн-түн жашайт 14 адам,
Эч тынымсыз экөө эмгек кылган,
Калганы таңыркашып карап калган

Алтымыш ат,
Он эки кат,
Күнү-түнү уктабай жат

Там-там таменек,
Тамдан чыккан коенек,
Күлү шаар ичинде,
Күлүп турган коенек.

6грап табышмак, табышмак,
Тагай-түгөй табышмак.
Көлөкөсүн жашырып,
Көлдө жүрөт табышмак.

Тай-тай табышмак,
Тайтайлатып жабышмак,
Көлөкөсүн көрүшмөк,
Көрүп туруп өбүшмөк.

Табышмак-табышмак,
Тай куйругуна жабышмак.
Көлөкөсүн көрүшмөк,
Көрүп туруп өбүшмөк.

Көлөкөсүнө көрүшмөк,
Көлдө жатып өбүшмөк

Көлөкөдө көрүшмөк.

Жалтырайт көңүлдү бөлөм,
Карасам өзүмдү көрөм.
Ой тобо муну кандай уста кылды?
Көрөт экен үйдө туруп тыштагыны,
Кокустан тийип кетсе өлөмүн дейт,
Өмүрүн мынча неге кыска кылды?

Бир адам бир адамга каршы келди,
Ортосуна бир кесек муз туш келди.
Адамдын бири өлүү, бири тирүү,
Тирүү айланып өлүккө келди эле,
Алиги өлүк айланып тура келди.

Эптедим-септедим,
Ак өгүзгө жүктөдүм

ЧЫТЫР-ЧЫТЫР,
Чийден котур,
Алма чечек,
Кызыл мончок

Чий түбүндө чилдир кесе.

Оозу кемшик, бүткөн бою тешик.